КРнын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Жолдошбек Мамбеталиев: “Сүрөтчүдө көздүн эс тутуму өтө жакшы калыптанышы керек”

27-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 29

Үстүбүздөгү жылы Евразия дизайнерлер коомунун мүчөсү, Казакстан Республикасынын Улуттук академиясынын академиги, сүрөтчү Жолдошбек Мамбеталиевдин эмгектери камтылган “Живопистик чыгармалар жыйнагы” китеби жарык көрдү. Аны менен чыгармачылыгы тууралуу азын-оолак баарлаштык.

Топозчу кыз

— Мындан 3 жыл мурун Нарын мамлекеттик университетинин 25 жылдыгына карата 50дөн ашык сүрөтүм коюлган көргөзмө уюштургам. Көргөзмөдөн соң китеп чыгарууну каалап, бирок бир аз кечеңдеген максатым быйылкы жылы ишке ашып олтурат. Алгач китепти чыгаруу учурунда мукабасынын сыртына пейзаж чагылдырылган сүрөтүмдү коюуну пландагам. Бирок көп жылдан бери иштеп, тажрыйбалуу болуп калган басмакана ишкерлери “Баланын бейнеси тартылган сүрөтүңүз бар экен. Мукабасына ушуну койсоңуз кантет?” деген кеңештерин айтышты. Мен дароо макул болдум. Себеби сүрөттө тартылган каармандын жашоосу башкалардан айрыкча бөтөн эле. Кыргызстандагы сүрөтчүлөр чогулуп, талаада Ат-Башы райондук администрациясы тарабынан атайын сунушталган топозчу кыздын бейнесин тартканбыз. Замира аттуу жогорку билими бар кыз экен. Көптөгөн чет өлкөлөрдө болуптур. Бир туугандарынын баары башка жерде жүргөндүктөн атасынын малын, топоздорду багып, айылда калууну чечиптир. Шадылуу, колдору күчтүү кыз топоздун мамалагын мүйүзүнөн алып өзү жалгыз эле жыгып коёт экен. Кызды оң жагынан, сол жагынан, жалпы тулку бой, профиль, фаст деп аталган сүрөт тартуу кырларын пайдаланып ар бир сүрөтчү өзү каалаган ыкмада тартты. Мен кыздын келбетин гана түшүрбөстөң, кесиби, туулуп өскөн жери тууралуу маалымат берүү максатында жанына Таш-Рабатты жана топозду тарттым. Көбүнчө живопись менен алектенип, май боёктор менен иштейм. Бирок, дал ушул сүрөткө Карыпбек аттуу сүрөтчү досум көп колдонгон калем сап менен тартуу ыкмасын пайдаланууну чечтим. Сүрөтчү досум таштын бетиндеги майда оймо-чийме, сызыктарды дал өзүндөй тартуу үчүн калем сапты колдонот. Ошондуктан мен дагы кыздын кулк-мүнөзүн, топоздун тулку-боюн, жүнүн, мүйүзүн жакшы берүүнү көздөп, жогорудагы ыкманы колдондум.

Сүрөттө түс эң маанилүү

— Сүрөт менен көбүрөөк иштеген адамда түрдүү иштөө техникалары калыптана баштайт. Мурун карандаш менен тартса, кийин акварель, гуашь, май боёкторго өтөт. Акварелдин кыл калемдери башка, май боёктун кыл калемдери такыр башка болот. Мен жогоруда айтып өткөндөй көбүнчө май боёк менен тартам. Колонкалык, шитилдик кыл калем, мастихин деген сүрөт тартуучу куралдар бар. Мастихин (грекче mastiche – чайыр) – сүрөттүн кээ бир жерлеринде боёк катмарын бериш үчүн живописте колдонулган атайын формасы бар, бычак түрүндөгү ийилчээк болоттон жасалган аспап. Эң башкысы тартып жаткан сүрөттүн мүнөзүн издеп табуу керек. Мисалы, жылмакай жерлерине мастихинди, бак-дарак, чөптөрдүн формасын чыгарууда күрөк, кайчы, шыпыргы түрүндөгү кыл калемдерди колдонууга болот.

Искусствонун бардык түрлөрүндө, анын ичинде сүрөттө композиция деген түшүнүк бар. Мында формалардын композициясы жана түстөрдүн композициясы болушу мүмкүн. Кандай гана мыкты сүрөт тартпайлы, түстөрү туура эмес тандалып калса, ал иш көргөн адамдын көңүлүн өзүнө бурдура албайт. Тескерисинче сүрөт начар болсо да, түстөрү бажырайып көзгө толумдуу, жакшы берилсе, көргөн адамдын купулуна толушу толук мүмкүн. Андыктан түс сүрөттө эң маанилүү орунду ээлейт.

Чыгармачыл адам өзүндөгү билимди колдоно билүүсү керек

— Адам баласы жарык дүйнөгө келгенде, Алла Таала жаралган чүрпөгө талантты кошо берет. Маселен, кичинекей кезде балдардын бардыгы сүрөт тартат. Эки-үч жаштагы баланын колуна калем, барак карматып, “жазуу жаз” десек, жаза албайт, а бирок чиймелеп сүрөт тарта алат. “Кичинекейимде тартчумун, бирок азыр тартпайм” деген сөздү өз тажрыйбамда көп уктум. Мындан улам 5% талант, 95% эмгек болушу керек деген бүтүмгө келебиз. Эмгек – бул билим. Микеланджелонун “Сүрөтчү кол менен эмес баш менен тартат” деген жакшы сөзү бар. Анын сыңарындай колду туура башкарыш үчүн башыбызда билим болушу керек. “Кантип, эмнени, кандай өңүттө тартсам бир бүтүндүктү камтыган кооз чыгарма жаралат?” деген суроого жооп таба алгыдай билимге ээ болушубуз зарыл. Кыскасы, сүрөт тартуунун эрежелерин, перспектива, композиция сыяктуу сүрөт искусствосунун түрлөрүн, жанрларынын баарын үйрөнгөн соң тартууга киришкен туура. Чыгармачыл адам – бул  бир нерсени көчүрүп тартып, акча табууну көздөгөн адам эмес, өзүндөгү билим жана практиканы айкалыштыра ишинде колдоно билген адам. Аны менен катар көркөм өнөр искусствосунда наброска деген түшүнүк бар. Сүрөтчүдө көздүн эс тутуму өтө жакшы калыптанышы керек. Мектептеги сүрөт сабагында алгач эле балдардын көрүүдөгү эс тутумун текшерип, “башында карап тарт, кийин ошол эле нерсени карабай тартып көр” деген сыяктуу тапшырмаларды беребиз.Чымчыкты, алсак, сактыгынан эмес, жоктугунан келген сагызганды тартайын деген сүрөтчү калем-кагазын даярдаганча сагызган учуп кетет. Ошондуктан анын тулку-боюн, агала жерлерин, куйругунун узун-кыскасын, башынын формасын алгач көз менен тартып калышыбыз зарыл. Көзүнүн эс тутуму күчтүү болгон сүрөтчү башка мамлекеттен көрүп келгендеринин баарын элестетип тарта алат.

Эс алуусуз келген эргүү

— Эргүү мага түнү дагы, күндүзү дагы, айтор тынымсыз келет. Калган күндөрү жумушта болгондугума байланыштуу ишемби жана жекшемби күндөрүмдү чыгармачылыкка арнап койгом. Үйдүн ичинде атайын сүрөт тартуучу бөлмөм бар. Эч ким кирип, тоскоол кылбайт. Жеке эле сүрөт тартпастан учурда китеп чыгаруунун үстүнөн иштеп жатам. Кыргызстанда көркөм өнөр, сүрөт тартуу боюнча жазылган кыргызча китептер өтө аз. Болсо да сүрөт тартуу ыкмалары тууралуу кеңири берилген китептер жокко эсе. Окуучулар, студенттер бул боюнча маалымат алууда орусча булактарды карап, кээ бирин түшүнсө, кээ бирин жакшы түшүнбөй калат. Андыктан китепти нукура кыргызча жазууну жана чоң А4 форматында чыгарууну туура көрүп жатам.

2024-жыл мен үчүн жемиштүү жыл болду. Китебимди чыгардым. Уядан учурган мектебиме эстетикалык борбор ачып, тарткан сүрөттөрүмдү белек кылдым. Ал борборго менин атымды беришти. Буюрса ачылган жайда чыгармачылыкка байланышкан иш-чаралар байма-бай өткөрүлгөнү жатат.

                                                                                                      Алтынай Нурдинова

27-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 29
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X