"Эркин-Тоо"

КТРКга “улуттук” макамы кайтарылды

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу Президенттин маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2022-жылдын 6-апрелинде кабыл алынган.

“Документ Коомдук телерадиоберүү корпорациясын Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясына айландыруу аркылуу реформалоого багытталган. Бул мыйзам телерадиоберүү уюмунун макамын, өлкөнүн маалымат мейкиндигинде жана мамлекеттик маалыматтык саясатты ишке ашырууда анын ролун жана ордун аныктайт. Ошону менен бирге, документ редакциялык саясатты өз алдынча аныктоо үчүн шарттарды түзүүгө, маалыматтык продукциянын (контенттин) сапатын жогорулатууга, Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкаруу чечимдерин өркүндөтүүгө багытталган”, — делет маалыматта.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!