Кубанычбек Жумалиев мамлекетке 1 млрд 11 млн 976 доллар которду
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Жумалиев мамлекетке 1 млрд 11 млн 976 доллар которду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, Кубанычбек Жумалиев мамлекетке 1 млрд 11 млн 976 АКШ долларын акчалай жана мүлк иретинде төлөгөн.
“Анын ичинен 45 млн накталай төлөдү, ал эми мүлк иретинде 955 млн сомго бааланган Таш-Көмүр шаарындагы цемент заводун мамлекетке өткөрүп берди” ,-деди ал.