"Эркин-Тоо"

Курултай – масштабдуу маселелерди чечүүчү институтка айланууда

Катышкан делегаттардын 539ун эркектер, 161ин аялдар жана 61ин Кыргызстанда жашаган башка улуттун өкүлдөрү түздү. Андан тышкары, 30 делегат Орусиядан, АКШдан, Канададан, Түркиядан, Германиядан, Түштүк Кореядан, Казакстандан, Чехиядан, Италиядан жана Улуу Британиядан келген диаспоралардын жана мекендештер бирикмелеринин өкүлдөрү болду.

Алгач Президент Садыр Жапаров III Элдик Курултайдын делегаттарына өлкөдөгү абал, мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттары тууралуу кайрылуу жасап, орчундуу маселелерге токтолду. Атап айтсак, мамлекеттин экономикалык өсүшү жаңы тарыхый чектерди багындырып жатканын белгилеп, 2020-жылы ички дүң продукциянын көлөмү 639 млрд сомду түзсө, быйыл 1,5 триллион сомдук чекке жетүү пландалып жатканын билдирди. Бул кыска убакыттын ичинде өлкө экономикасынын көлөмү 2,5 эсеге көбөйгөнүн билдирет. Албетте, бул дагы чек эмес. Кудайдын кулагы сүйүнсүн дешибиз керек, 2025-жылы ички дүң продукциянын көлөмү бир триллион сегиз жүз миллиард сомдон ашканы турат. Бул 2020-жылга салыштырмалуу экономикалык ресурстар үч эсеге көбөйөрүн көрсөтүүдө.

Эч кимге жалган эмес, жылдан-жылга өлкөнүн бюджети да тездик менен өсүүдө. Маселен, бюджет 2020-жылы 247 млрд сомду түзгөн. Быйыл жылдын аягына чейин 687 млрд сомго жеткени турат, бул 2020-жылдын көрсөткүчүнөн дээрлик үч эсе жогору. 2025-жылы 700 млрд сомдон ашырып, муну менен өлкөнүн финансылык өзөгү бекемделгени турат.

Жемкорлор менен кылмышкерлерге каршы күрөш

Ошого катар Өлкө башчысы коррупцияга, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө көрүнүктүү ийгиликтерге жеткенин айтып, ал күрөш улам барган сайын күчөп, улантыла берерин баса белгиледи. Чек ара маселесине токтолуп, бүгүн кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы толугу менен чечилип, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыкканын билдирди. Эми эки тараптуу чечимдерди формалдуу бекитүү иштери гана калыптыр. Айта кетишибиз керек, чек ара маселесинин 100 пайыз чечилиши менен эл аралык кызматташууларда жаңы мейкиндиктерди ачып, чек арага чектеш жайгашкан аймактарыбызды гана эмес, бүтүндөй республикабыздын ишенимдүү өнүгүшүнө бекем мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Баарынан да чек арага жакын орун алган мекендештерибиздин коопсуздугу жана ошондой эле келечеги камсыз болот.

Мамлекет башчысы кайрылуусунда “Социалдык келишим” долбооруна да токтолуп, ийгиликтүү ишке ашырылып жатканын белгиледи. Үч жыл ичинде (2022–2024-жылдары) 35 миңге жакын үй-бүлө 100 миң сомдон каражат алып, жалпысынан 3,3 млрд сом бөлүнгөнү маалым. 2025-жылы кошумча дагы 20 миң үй-бүлөгө каражат бөлүнүп, алардын жеке ишкердик баштоосуна жана каржылык көз карандысыздык жолуна түшүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүлгөнү турат. Экинчиден, 2024-жылдын сентябрынан тартып “Социалдык келишим” долбоорунун катышуучулары үчүн колдоонун жаңы механизми – үч жылдык мөөнөткө 200 миң сомго чейинки суммада пайызсыз насыя берүү киргизилди. Бул баштапкы капитал алууга гана эмес, үй-бүлөлөрдүн кирешелерин көбөйтүү менен башталган бизнесин өнүктүрүүгө да толук мүмкүндүк берет.

Социалдык багытта жетим балдарга да өзгөчө көңүл бурула баштады. 2024-жылдын июль айынан баштап “Келечекке салым” аттуу Жетим балдардын топтолмо эсеби ишке киргизилди. Муну менен 2 930 жетим баланын ар биринин жеке эсебине 500 миң сомдон каражат топтолуусуна шарт түзүлдү. 18 жашка толгондон кийин, алар бул каражатты билим алууга, ден-соолугун чыңдоого же жашоо шарттарын жакшыртууга колдоно алышат.

Президент мугалимдер менен дарыгерлер коомубуздун тирөөчү, өмүрдүн жана илим-билимдин сакчылары экенин белгилеп, дарыгерлерди урматтап, сыйлоонун ордуна, кемсинтип, кээде аларга кол көтөргөн жол берилгис көрүнүштөр коомубузда учурай калып жатканына дагы токтолду. Мындай көрүнүштөр мыйзамды гана бузбастан, адепсиздиктин жеткен чегин көрсөтөрүн айтып, жосунсуз жоруктарга жол бербешибиз керектигин билдирди. Мындан сырткары, аял затына жана балдарга карата зордук-зомбулукту айыптап, биздин коомдогу ар бир аялзат, ар бир бала өзүн коопсуз сезиши үчүн болгон күч-аракетти жумшоо жалпыбыздын милдетибиз экендигин эске салды.

Биз көбөйүшүбүз керек

Садыр Жапаров өз сөзүндө дагы бир олуттуу маселеге кайрылып, Кыргызстанда 65 жаштан жогорку курактагы адамдардын көрсөткүчү 5,7 пайызга (408 миңге жакын) жеткенин ачыктады. Тилекке каршы, бул Кыргызстандын калкы улгайып бара жаткандыгынан кабар берет. Мунун алдын алуу керектиги айтпаса да түшүнүктүү. Бул багытта мамлекет көп балалуу үй-бүлөлөрдүн санынын өсүшү үчүн кадамдарды жасап, 2026-жылдын 1-январынан тартып өлкөнүн бийик тоолуу жана алыскы аймактарында туруктуу жашаган көп балалуу энелерге финансылык төлөмдөрдү берүү пландаштырылып жатканын айтты. Ага ылайык, төртүнчү балага – 100 миң сом, бешинчи балага – 600 миң сом, жетинчи балага – 1 млн сом, сегизинчи балага – 1 млн 200 миң сом, тогузунчу балага – 1 млн 500 миң сом, онунчу жана андан көп балага – 2 млн сом берилет.

Өлкө жетекчисинен кийин Жогорку Кеңештин спикери
Н.Шакиев, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, курултайдын төрагасы М.Абдылдаев сүйлөп, андан ары жер-жерден келген делегаттарга сөз берилди. Курултайдын делегаттары инфраструктураны өнүктүрүү, суу менен камсыздоону жакшыртуу, айыл чарбасын жана ишкердикти колдоо, мугалимдерди, дарыгерлерди жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды социалдык жактан коргоо сыяктуу маселелерди көтөрдү. Өзгөчө көңүл ар кайсы аймактарда майыптыгы бар балдар үчүн реабилитациялык борборлорду курууга бурулду.

Мындан тышкары, ата мекендик продукцияны экспорттоо, кайра иштетүү, азык-түлүк коопсуздугу жана минералдык жер семирткичтерди өндүрүү боюнча заводдорду куруу темалары көтөрүлдү. Делегаттар ошондой эле шаарларды өнүктүрүүгө каражат бөлүү жана чет өлкөдө жүргөн жарандардын көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшүү, анын ичинде виза режимин жеңилдетүү боюнча сунуштар менен кайрылышты.

Президент Садыр Жапаров делегаттардын суроолоруна жооп берди.

“Кезек жетет, күтө туруңуз…”

Базар-Коргон районунун Кеңеш айылынан келген Рахманжан Абдалов Кара-Суу дарыясына суу сактагыч куруу боюнча маселе көтөрдү. Президент: “Өлкө боюнча БСР, БДР курулуп жатат. Базар-Коргонго да жетебиз. Бул маселе Бакыт Төрөбаевич-тин көзөмөлүндө. Ошондой эле Акман айылында көйгөй бар дедиңиз, тийиштүү министрликтер карап, көзөмөлгө алат” деди. Кара-Балта шаарынан Дыйканбай Адиев айыл чарбасына берилген насыянын мөөнөтүн узартуу, мектеп, экология маселесин айтты. Президент Садыр Жапаров:
“Бакыт Эргешович, айыл чарба тармагындагы маселелерди аткарууну көзөмөлгө алып, жергиликтүү бийлик жана банктар менен биргелешип иштегиле” деген жообун берди. Ал эми Кызыл-Кыядан келген Талантбек Абдулкасымов шаарга 1 млрд сом бөлүп берүүнү өтүндү. “Токмок, Кара-Балта ж.б. бир топ шаарларга 1 млрд сомдон бердик, Кызыл-Кыяга да кезек жетет, күтө туруңуз” деди Мамлекет башчысы.

Чет өлкөлүк ЖМКга сөз берилеби?

Ноокен районунан келген Асылбек Абдыкадыров башка өлкөдөн ташылган жер семирткичтерди токтотуу, сугат суулар боюнча айтып, “Азаттык”, “Кактус”, ПолитКлиника сыяктуу ЖМКларды чакырып сөз берүү маселесин көтөрдү. Президент Садыр Жапаров: “Журналисттер боюнча делегат айткан ЖМКлар чакырылды, бирок келишкен жок, баш тартышты. «Азаттык” Прагадан уруксат сурайын дептир, жыйынтыгында Прага уруксат бербей коюптур. Дина Маслова жетектеген «Кактус медиа» баш тартыптыр. ПолитКлиниканын башчысы айылдамын дептир. Айылда болсо кечээ чыкса, бүгүн деле келип калмак. Сөз эркиндиги жок деген сайттардын өздөрүнүн сөз эркиндиги жок. Тышкы кожоюндарынын айтканынан чыгышпайт. Мынча болду чет өлкөлөрдөн бейөкмөт уюмдарга жана ЖМКларга келген каражаттар боюнча 2021-2022-жылдагы менде болгон маалыматтар менен бөлүшө кетейин. Дина Маслова жетектеген «Кактус медиа» басылмасы Сорос фондунан 2021-жылы 35 миң доллар, 2022-жылы Интерньюстан 23 миң 185 доллар, Сорос фондунан дагы 22 миң 250 доллар алыптыр. Жыйынтыгында 2 жылда 80 миң 535 доллар алган. «Клооп медиа» боюнча айтсам, менимче ал медиа бирөөгө жалган жалаа жаап, жабылып калса керек эле. 2021-жылы америкалык Демократияны колдоо фондунан 585 миң 500 доллар, 2022-жылы АКШ элчилигинен 25 миң 250 доллар алган. Элчилик эмнеге берип жатканы мага түшүнүксүз. Элчилик мындай маселелер менен алектенбеш керек болчу. Сорос фондунан 9 миң 305 доллар, 23 миң 185 доллар Интерньюстан, 8 млн сом өз ыктыярдуу кайрымдуулуктан алган. Жыйынтыгында 2 жылдын ичинде 643 миң 240 доллар алышкан. «Азаттык» үналгысы 2023-жылы Демократияны колдоо фондунан 2 млн 270 миң доллар, ошол эле фонддон 2024-жылы 2 млн 297 миң доллар алган. Жыйынтыгында 2 жылда 4 млн 567 миң доллар алышыптыр. Кайыргүл Орозбай кызы жетектеген «Говори ТВ» 2021-жылы америкалык Демократияны колдоо фондунан 34 миң доллар, 83 миң 627 евро алган. Дилбархан Алимова жетектеген ПолитКлиника 2020-жылы 41 миң 800 доллар, 2021-жылы 54 миң доллар, жыйынтыгында 95 миң 800 доллар алган. Ал эми Азиза Абдрасулованын «Кылым Шамы» 2018-жылдан 21 млн 168 миң 608 сом алган. Менин билишимче “Кылым Шамы” деген кыймылда апасы менен кызынан бөлөк эч ким жок. Мына бейөкмөт уюмдардын кылганы. Акчаларды алып, чет элдик кожоюндарына жалган отчет берип, кыйратып жатабыз деп коюшат. А бул жакта кылган иштери жалаа жапмай, ушак таратмай, жамандык издемей, бирөөнүн аброюна далилсиз шек келтирмей. Муну менсиз деле өзүңөр көрүп жүрөсүңөр. Анан ал адамдар сотко беришсе, сөз эркиндигине кысым болуп жатат деп кыйкырып чыгышат” деди.

Адам укугу жана шайлоо

Көз карандысыз ЖМКлар боюнча суроого жооп берип жатып Президент Европа парламентинин депутаттарына кайрылды. “Европа парламентинин депутаттарына да кайрылып кетейин, кечээ резолюция кабыл алышты, алардын ою боюнча бизде адам укуктары бузулуп жаткан имиш. Мен берчү жоопту Франциянын Европарламенттеги депутаты Тьери Мариани жооп берди. Алар Кыргызстандан миңдеген чакырым аралыкта туруп, колдорунда далил кагаз жок кантип чечим кабыл алып жатканы түшүнүксүз. Социал-демократтар партиясы жергиликтүү шайлоодо добушун сатып алууга 1,5 млн сом таратып жатып кармалды. Анын баары далилденген. Алар Бишкек шаары боюнча 69 үгүтчү жалдап, анын 44үн каттоодон өткөрбөй, акча төлөгөн. Бул добуш сатып алуунун бир түрүнө кирет. Мыйзам бузулган жерде биз эмне кылышыбыз керек? Бизде таза эмес шайлоолордун айынан үч ирет революция болду. Алдыда парламенттик жана президенттик шайлоо келе жатат. Биз таза жана ачык-айкын шайлоо өткөрүү үчүн Боршайкомду жаңы заманбап техникалар менен жабдууга 2 млрд сомдон ашык каражат короттук. Азыр мурдагыдай бюллетендерди пачкелеп салуу жок, бир гана маселе калды, добуштарды сатып алууну токтотуу керек. Эгерде эл өзү добушун сатпай, добуш сатып алгысы келгендердин бетине түкүрсө, системаны жеңебиз. 30 жылдан бери добуш сатып алган оорулуу саясатчыларды, илдетке чулганган партияларды жок кылалы деп жатабыз. Андыктан, Европадагылар алыста жатып алып ач кыйкырык салбай, келгиле, көргүлө. Бизде баары ачык, баарын өз көзүңүздөр менен көрөсүздөр. Биз сиздерге душман эмеспиз, биз дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен достошуп, кызматташабыз. Бирок, биз көз карандысыз жана эгемен өлкөбүз, өлкөнүн ички саясатына кийлигишүүнүн кереги жок” деди С.Жапаров.

Сөз эркиндиги барбы?

Курултайда сөз эркиндиги боюнча да маселе көтөрүлүп, ага Президент АКШ президенти менен салыштырган жообун узатты. “АКШда Президент Дональд Трамп жалаа жапканы үчүн бир ЖМКны сотко берип, 15 млн доллар утуп алды. Азыр төлөп жатат. Өткөндө “Азаттык” мен жөнүндө түшкө кирбеген маалымат таратышып, ал бир күн бою сайтында илинип турду. 30дан ашык мамлекетке которулуп таратылат, ошончо өлкө көрдү, укту. Биз эмне кылганыңар десек кечирим сурап, “көчөдө жүргөн аялдан алдык эле” демиш болуп өчүрүп коюшту. Сотко берип 100 пайыз утуп алсам болот эле, бирок бизде сөз эркиндиги болсун деп берген жокмун. Ушул окуядан сөз эркиндиги бизде барбы же башка өлкөлөрдө бар экенин талдап алыңыздар. Ал эми журналисттер менен блогерлерден сураныч, сөз эркиндигин жалган маалымат таратуу менен алмаштырбаңыздар” деди Өлкө башчысы.

Жолдор жайлоолорго чейин асфальтталат

Базар-Коргондон келген Илгиз Абдыкадыров жолдорду асфальттоо боюнча суроо берген. Президент кийинки жылдан тарта ар бир литр бензинден 1 сомдон алуу тууралуу айтты. С.Жапаров: “Жыл башынан тарта бензин жана солярканын литринен 1 сомдон фондго кармалат. Бул фонддогу каражат менен өлкөдөгү бүтүндөй жолдор жасалат. Айылдарга гана эмес, жайлоолорго чейин жолдорду жеткиребиз. Бул фондду бир жыл түздүк. Мурда мындай фонддор акча түшкөндөн кийин командировкага кетти, сый акы жаздык деп жеп коюшчу. Биз анын баарын толук жок кылып, техникаларга тетик да сатып алалбай тургандай кылып, жалаң жолго шагыл, битум ж.б. сатып алганга корото турган кылдык. Бул фонд маяна да бербейт, техника да сатып албайт. Бизде 1 млн унаа бар. Кимдир бирөө унаасын айына эки ирет айдайт, кимдир бирөө күн сайын жүздөгөн чакырым жүрөт. Ошол жолду талкалап жаткандар акчаны ошого жараша төлөсүн.

Баарыңыздар үйлүү-жайлуу болосуздар

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынан келген Алмазбек Азимжанов ГЭСтер, жергиликтүү калкты ипотекалык үйлөр менен камсыздоо маселелерин айтты. Президент: “Ипотекалык турак жай менен камсыздоо боюнча айтсам, азыр ар бир облустун борборлоруна жана чоң, орто шаарларга өтүп жатабыз. Эми айылдарга чейин жетебиз. Кийин ипотекалык компанияларга айылдагы үйлөрдү да бүтүрүүгө буюртма берсеңер, эски үйүңөрдү бузуп, жаңысын салып бере баштайт. Бишкекте жакынкы күндөрү 1 миңге жакын ипотекалык батир өз ээлерине тапшырылат. Жакынкы аралыкта баарыңыздар үйлүү-жайлуу болосуздар” деди. Ошондой эле Ысык-Көлдөн келе жаткан жолдогу Кемин шаарында контейнер менен курчалып турган 400 гектар жерге быйылкы жылдын март айынан баштап 80 миң батирлүү жашыл шаар курулуп баштаары айтылды.

Мына ушундай негизде Президент Садыр Жапаров Курултай делегаттары тарабынан саясий жана социалдык багыттагы узатылган суроолордун баарына жооп берди. Сөзүнүн арасында түштүктө онкологиялык оорукана куруларына, төрт миңге жакын мечиттин молдолоруна март айынан баштап 8 миң сомдон, жылдын аягына барып 20 миң сомго чейин айлык берилерине да токтолду.

Эки күн ичинде Курултайда 150 делегат сөз сүйлөп, сунуш-пикирлерин айтышты. Мындан тышкары, кагаз түрүндө 2 миңден ашык кайрылуулар келип түштү. Соңунда Элдик Курултайдын жыйынтыгында резолюция кабыл алынды.

Зулпукаар Сапанов

Пример HTML-страницы