Курулуш материалдарына сертификатты эми онлайн алууга болот

16-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 120

Кыргызстанга сырттан алып келинген курулуш материалдарына шайкештик сертификатын алуу жол-жоболору толугу менен онлайн форматка өткөрүлдү.

Эми арыз берүүдөн тартып, даяр документти алганга чейинки бардык этаптарды интернет аркылуу жүргүзүүгө болот. Бул үчүн rcss.bb.kg расмий сайтына кирүү керек.

Сайтта продукциянын ар кандай түрлөрүн сертификаттоо боюнча керектүү маалыматтар жана жол-жоболорду түшүндүргөн видео нускамалар жайгаштырылган.

Кошумча суроолор жаралса, +996 770 555 911 телефон номери аркылуу байланышууга болот.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X