Курулушта жаңы эреже: Пайдубалсыз батир сатылбайт
Кыргызстанда курулуштун «нөл цикли» аяктаганга чейин жаңы имараттардагы батирлерди жана коммерциялык жайларды сатууга, ошондой эле аларды жарнамалоого тыюу салынды.
Тиешелүү буйрукка курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев кол койгон.
Чектөөгө ылайык, курулуш компаниялары имараттын пайдубалы түптөлүп, жер алдындагы курулуш иштери толук аяктаганга чейин:
- Батирлерди жана турак эмес жайларды сата албайт;
- Үлүштүк катышуу жана алдын ала келишимдерди түзө албайт;
- Жарандардан жана юридикалык жактардан курулушка каражат тарта албайт;
- Объектилерди жарнамалай албайт.
Министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти бул талаптардын аткарылышын көзөмөлдөйт. Мыйзам бузуу фактылары аныкталса, тиешелүү чаралар көрүлөт.
Учурда департамент курулуш компанияларынын жетекчилерине жаңы талаптарды түшүндүрүп, мыйзам бузууга жол бербөө боюнча эскертүүлөрдү берүүдө.
Курулуш министрлиги чектөө жарандардын каражатын жана укуктарын коргоого, ошондой эле курулушу толук баштала элек объектилерге акча салуудан келип чыгуучу тобокелдиктерди азайтууга багытталганын белгиледи.