Куш тумоосу жайылып, бир айыл карантинге алынды

28-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Дүйнө 50

Түндүк Казакстан облусунун Магжан Жумабаев районунда куш тумоосу жайылып, бир апта ичинде миңден ашык үй канаттуусу кырылып, Лебяжье айылы карантинге алынды.

«Куш тумоосу» диагнозу Ветеринария боюнча улуттук референт борборунда жүргүзүлгөн лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгында ырасталды”,- делет жергиликтүү ММКлар жазган маалыматта.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын аягында жогорку патогендүү куш тумоосунан улам аймакта 1,5 миллиондон ашык куш кырылган.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X