Кутуруп кеткен 2 жылкы жок кылынды — ВИДЕО

3-май, 2021-ж. / Редакция / Коом 10

Ноокен районуна караштуу Момбеков айыл аймагынын Үч-Булак жайлоосунда 2 жылкы кутуруп, экөө тең санитардык талаптар менен көмүлдү. Бул маалыматты Ноокен райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыктын башчысы Маматкарим Ибрагимов ырастады.

Маалым болгондой, Үч-Булак участогунда 3 жашар жылкы 27-апрелде жылкыларга кошулбай, жер тепкилеп, ары-бери чуркап жыгылгандыктан союуга туура келген. Андан кийин ээси ветеринардык дарыгерди чакырган.

«Момбековдон барган ветеринарда кутурмага күмөн пайда болгон. Жылкынын башы Жалал-Абад зоналык ветеринардык лабораториясына алынып келген. Жыйынтыгында кутурмага кабылганы аныкталган. Жылкынын калган эти чуңкурга ташталып, жылкы союлган жер залалсыздандырылган. Элге эти тараган эмес. 28-апрелде ошол эле жылкынын ээсинин короосунан дагы бир жылкыда кутурманын белгилери табылган. Экинчи жылкы да жок кылынып, ал жер залалсыздандырылды», — деди ал.

Бул окуядан улам Үч-Булакта жүргөн 184 жылкы, 581 баш кой, 18 баш кара мал, 26 ит кутурмага каршы эмделген.

https://youtu.be/eoWrdFYFLto

3-май, 2021-ж. / Редакция / Коом 10
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X