Кырчында 77 жаштагы бейтап Балыкчыга тик учак менен жеткирилди
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан Кырчын жайлоосунда 77 жаштагы жарандын жүрөгү кармады.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, ага стенокардия жана гемодинамикалык туруксуздук диагнозу коюлган. Буга чейин бейтапка Ош шаарында жүрөк кан тамырына стент коюлган.
Ал Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагы менен Балыкчыдагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун филиалына жеткирилди.
Учурда бейтап интенсивдүү терапия бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө. Зарыл болсо коронарография жасалып, кайрадан стент коюу пландалууда.