Кырчынга үч күндө 200 миңден ашык адам барды

3-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 156

Кырчын жайлоосуна үч күндүн ичинде 200 миңден ашык адам барды. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын медиаштабы билдирди.

Кечээ аба ырайынын кескин начарлашынан улам көпчүлүк коноктор жайлоодон бир убакта чыгып кетүүгө аракет кылган. Мындан улам автобустар токтоочу жайда эл көп топтолуп, транспорт жүргүнчүлөрдүн агымын тейлөөгө жетишпей калган.

Кырчын менен Чолпон-Ата багытына кошумча транспорт жөнөтүлүп, жүргүнчүлөрдү ташуу күчөтүлдү.

Учурда автобустарга отургузуу атайын хабдарда волонтерлордун жана милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө уюштурулууда.

Медиаштабдын маалыматына караганда, конокторду Кырчындан алып чыгуу боюнча кырдаал учурда турукташты.

3-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 156
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X