1-сентябрда Араван районунун Чек-Абад айылдык аймагында жайгашкан кыргыз-өзбек чегиндеги «Кара-Багыш» өткөрмө бекети ачылды. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, ачылыш аземине Президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Үрүстөм Манапов, Андижан облусунун губернатору Ш.Абдурахманов, Араван районунун акими Сейтек Кулубаев жана жергиликтүү тургундар катышты.
Акыркы он жылдан ашуун мезгилде жабык болгон бул чек ара бекетин эки өлкөнүн башчыларынын тапшырмасы негизинде ачылды.
Белгилнгендей, жаңы ачылган чек ара өткөрмө бекети бүгүндөн тарта атайын түзүлгөн графиктин негизинде иш алып барат.