Кыргыз адабиятынын өкүлдөрү кайсы жолдо баратат?

2-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 136

Бүгүнкү кыргыз адабиятынын реалдуу абалын окурмандын табитинен, китеп рыногунан, социалдык тармактардан, адабий сындан, көркөм сапатты жана улуттук руханий мурасты чагылдыруу өңүтүнөн комплекстүү анализдеп кароо зарыл. Түрдүү эстетикалык деңгээлдеги чыгармалардын катар жашап келиши, адабий процесстин көп катмарлуулугу адабият таануу илиминдеги классикалык мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок, азыркы санариптик доордо адабий процесс менен кошо окурмандын табити да өзгөрдү. Кыргыз адабияты мурдагыдай бир эле китептин, салтуу адабий гезит-журналдардын алкагында гана чектелип жашабай калды. Калемгерлердин эмгектери китеп болуп басылбай туруп эле социалдык тармактарга, электрондук платформаларга, аудиокитептерге, блогдорго, подкасттарга жарыяланып, бир нече сааттын ичинде миңдеген, миллиондогон аудиторияга жетип жатат.

Мындай жаңы реалдуулук калемгерлердин алдына олуттуу суроону алып чыгат. “Чыгарма массалык окурманга жетүүсү маанилүүбү же көркөм бийиктикке ээ болуусу маанилүүбү?” Аталган эки түшүнүктү бири-бирине абсолюттук түрдө карама-каршы коюу туура эмес. Бирок, алардын ортосундагы тең салмактуулукту табуу бүгүнкү кыргыз адабияты үчүн эң башкы маселелердин бири. Анткени, адабият жөн гана көңүл ачуучу оюн-зоок платформасы эмес, адабият адамдын дүйнө таанымын, эстетикалык табитин, тилин, тарыхый эстутумун анан да моралдык наркын калыптандыруучу улуттук руханий мектеп. Кыргыз адабияты “Манас” баш болгон элдик эпостордон, жомоктордон, уламыштардан, акындар поэзиясынан баштап профессионалдык жазма адабиятка чейинки татаал жолду басып келип, дүйнөлүк адабият менен теңтайлашып диалог куруу деңгээлине чейин өсүп жетти. Ошондуктан, массалык адабияттын өсүшүн да, классикалык адабияттын ордун да туура баалоо, улуттук адабияттын келечегин аныктоонун негизги шарты болуп саналат.

Массалык адабият тууралуу сөз болгондо, аны дароо эле сапаты төмөн, жеңил-желпи чыгармалар катары кабыл алуу бир жактуулукту жаратат. Белгилүү бир контекстте массалык адабият окурманды олуттуу, элитардык жана дүйнөлүк классикалык адабиятка жетелеген алгачкы көпүрөнүн милдетин аткарат. Массалык адабияттын башкы өзгөчөлүгү, анын калктын калың катмарына багытталгандыгында. Салыштырмалуу тили жөнөкөй, сюжети динамикалуу, эмоциясы тунук келет. Детектив, сүйүү дастандары, саякатка негизделген тарыхый проза, рынок экономикасына ылайыкташкан табышкерликти даңазалап-үйрөткөн окуялар, фантастика, триллер жана жаштар адабияты, мунун баары массалык адабияттын категориясына толугу менен кирет. Китеп окуу маданияты – калыптана элек окурманды адабият дүйнөсүнө биринчи ирет дал ушул жанрлар тартып келет. Эгер массалык адабият окурманды улам татаалыраак, эстетикалык жактан терең чыгармаларды окуганга багыттаса, анда ал өзүнүн маданий миссиясын аткарды деп айтсак болот. Бирок массалуулук биротоло көркөм сапаттын ордун ээлеп албашы керек.

Санариптик доордо окурмандын көңүлүн дароо өзүнө буруп, психологияга тез таасир берген тексттер алдыга чыгып келе жатканына күбө болуудабыз. Социалдык тармактагы кыска баяндар, эмоционалдуу билдирүүлөр, психологиялык драмалар, жеңил-желпи сүйүү сюжеттери коомчулуктун калың катмарына тез жайылууда. Албетте, бул табигый көрүнүш. Бирок бул жерде олуттуу көйгөй бар. Адабият окурмандын талабына биротоло ылайыкташып отуруп, анын табитин калыптандыруучу башкы милдетин жоготуп алышы мүмкүн. Калемгер “эл эмне кааласа, мен ошону жазам” деген коммерциялык принципке өтсө, адабият коомду алдыга жетелеген күчкө эмес, массанын артынан ээрчиген мажирөө, жетелеме куралга айланат. Улуу чыгармалар окурманга жагуу менен гана чектелбестен, аны ойлонтот, тынчсыздантат, өзү менен бирге коомчулукка суроо берүүгө мажбурлайт. Демек, китептин сатылган нускасы же социалдык тармактагы бармак басып, кучакташып, жүрөк чаап, өбүшө калган жеңил баа “лайктар” популярдуулуктун көрсөткүчү болгону менен көркөмдүк сапаттын абсолюттук өлчөмү боло албайт.

Классикалык адабияттын башкы артыкчылыгы, анын мезгил сынынан өтүү жөндөмү. Адабият таануу салтында «классикалык чыгарма» деп адамзаттык актуалдуулугу менен кылымдарды карыткан идеялык-көркөмдүгү бийик чыгармалардын катмары айтылат. Кыргыз классикасынын пайдубалын Кетбука, Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылыч, Токтогул, Барпы, Жеңижок… сыяктуу залкарлар түптөсө, аны профессионалдык деңгээлге К. Тыныстанов, А. Токомбаев, Ж. Бөкөмбаев, М. Элебаев, А. Осмонов, Ж. Мамытов, Т. Кожомбердиев, О. Султанов, Т. Касымбеков, М. Гапаров, Ч. Айтматов өңдүү алптар көтөрдү. Классикалык чыгармалардын касиети мезгил өткөн сайын маанисин жоготпой, ар бир жаңы муунга жаңыча сүйлөй алганында. Мисалы, Ч. Айтматовдун чыгармаларынан бир муун сүйүү поэтикасын тапса, экинчи муун адам менен жаратылыштын трагедиялуу кагылышын, ал эми кийинки муун тоталитардык системанын же мистикалык кооптонуунун философиясын табат.

Адабиятта элитардык адабият менен классиканын ортосунда тыгыз байланыш бар, бирок экөө бирдей түшүнүк эмес. Элитардык адабият жарык көргөн күндөн тартып эле өзүнүн формалдык түзүмүнүн татаалдыгы, философиялык интеллектуалддык тереңдиги, метафоралык жана символикалык коду боюнча атайын эстетикалык-интеллектуалдык даярдыгы бар окурманга багытталышы мүмкүн. Классикалык адабияттын статусу болсо дароо берилбейт, ал убакыт менен муундардын тандоосунан өткөндөн кийин гана аныкталат. Дүйнөлүк адабияттагыдай эле, Кыргыз адабиятында да классикалык деңгээлге жеткен, ошол эле учурда таза элитардык мүнөздөгү чыгармалар сейрек кездешет.

Маселен, Чыңгыз Айтматовдун “Кассандра тамгасы” романы кыргыз адабиятындагы элитардык-философиялык прозанын туу чокусу. Романга космостук изилдөөлөр, биоэтикалык кооптонуулар, жасалма жол менен адам жаратуу – “иксроддор” маселеси жана диний-илимий аллюзиялар окурмандан дүйнөлүк философиядан кабардар болууну талап кылат. Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” тарыхый романы Улуттук прозанын туу чокусу. Бул жөн гана Кокон хандыгынын доорундагы тарыхый окуялардын тизмеги эмес, мамлекеттүүлүктүн идеясы, бийлик менен инсандын психологиялык тиреши чагылдырылган терең социалдык-элиталык анализ. Нүзүп, Шерали, Мусулманкул, Кудаяр хан жана Алымбек даткалардын образы аркылуу бийлик философиясы чечмеленет. Романды терең түшүнүү үчүн окурман саясат таану, психология, тарых жана философия илимдеринен кабардар болуусу кажет. Поэзиядагы элитардык-философиялык багыт Жолон Мамытов менен Омор Султановдун лирикасында терең орун алган. Алардын ырларындагы ассоциативдик ой жүгүртүү, татаал метафоралар жана интеллектуалдык подтекст массалык ырлардын деңгээлинен таптакыр бөлүнүп турган эстетиканы түзүп турат.

Азыркы Кыргыз адабияты үчүн эң чоң көйгөй – массалык адабияттын көбөйүшү эмес, профессионалдык адабий сындын алсыздыгы. Массалык адабияттын өсүшүн токтотуу мүмкүн да, зарыл да эмес. Бирок чыгарманын эстетикалык наркын, көркөм баалуулугун терең талдап берүүчү профессионалдык сындын ордун жеңил-желпи мактоолор же салтанаттуу жыйындардагы маанисиз кайталама, адатка айланган, көңүл алуучу, тажатма кургак пикирлер ээлеп жатканы өкүнүчтүү. Адабий сын чыгармага өкүм чыгаруучу сот эмес, ал чыгарманын ички түзүлүшүн, тилин, философиясын, жаңычылдыгын окурманга чечмелеп берүүчү илимий-эстетикалык курал. Күчтүү сын жок жерде популярдуу ар кандай чыгарма автоматтык түрдө “мыкты чыгармага” айланат. Социалдык тармактагы “лайктар” көркөм баанын ордун ээлеп калат. Автордун атактуулугу чыгарманын сапатынан жогору коюла баштайт. Жаш калемгерлер өз чыгармачылыгына объективдүү баа ала албайт. Ошондуктан, адабий сын массалык адабият менен элитардык-классикалык адабияттын ортосундагы объективдүү тараза катары зор күчкө ээ болуп, кайра калыптануусу шарт.

Классикалык жана элитардык адабиятты сактоо, аны жөн гана музейде экспонат катары, көргөзмөгө кармоо эмес. Классикалык адабиятты мектепте, жогорку окуу жайларда экзамен тапшыруу үчүн эле окутуу анын маанисин төмөндөтөт. XXI кылымда элитардык-классикалык жана заманбап тексттерди окутууда жаңы методология керек. Чыгармаларды адам жана жасалма интеллект, экологиялык кризис жана адамзат, Улуттук иденттүүлүк жана глобалдашуу, урбанизация жана табигат, миграция жана жалгыздык феномени сыяктуу көптөгөн заманбап концепциялар менен байланышта кароо зарыл. Мектептердеги адабият сабагы жөнөкөй “мазмунду айтып берүү” деңгээлинен көтөрүлүп чыгып, каармандын чечимин талдоо, автордук позицияга каршы аргумент келтирүү менен көркөм каражаттарды иликтөө аркылуу “ой жүгүртүүчү мектепке” айланышы зарыл.

КР Улуттук илимдер академиясында 2026-жылы “Уңгужол – классикалык жана заманбап адабияттын руханий өзөгү” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциянын өткөрүлүшү мына ушул багыттагы илимий изденүүлөрдүн зарылдыгын далилдемиш этти. Бирок, ошол эле учурда ортозаар, көркөм сапаты төмөн чыгармаларды даңазалап, мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүү өнөкөтү адабияттын эстетикалык критерийлерин төмөндөтүп жатканын да жашырууга болбойт. Бүгүнкү кыргыз адабиятына массалык адабият да, элитардык-классикалык адабият да керек. Массалык адабият окурмандардын аудиториясын кеңейтсе, элитардык жана классикалык адабият улуттун руханий-эстетикалык бийиктигин сактайт.

Массалык адабият бүгүнкү окурмандын үнү, ал эми классикалык адабият өткөндүн сыналган мурасы. Чыныгы заманбап адабият өткөндүн тажрыйбасын, бүгүнкү күндүн курч суроолорун жана келечектин эстетикасын айкалыштыра алган адабият болушу керек. Кыргыз адабиятынын башкы милдети массалык адабиятпы же элитардык-классикалык адабиятпы? – деген тандоо эмес, бүгүнкү массалык окурмандын арасынан эртеңки классиканы окуган, аны баалаган жана жаңы элитардык-классикалык чыгармаларды жарата алган муунду тарбиялоо. Анткени, адабияттын чыныгы жеңиши – том-томдоп чыккан китептин нускасында же жарыша чыккан сапатсыз китептердин таанытымын кадыресе өткөрүп, чогулган элди тажата, туурулган сөздөрү менен туурулган адамдардын буюртма мактоосунда эмес, кылымдар өткөндөн кийин да кайра-кайра окулган баалуулугунда. Сиз кандай пикирдесиз окурман?

Бахпурбек Аленов

2-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 136
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X