"Эркин-Тоо"

Кыргыз аялдары эркектерге караганда болжол менен сегиз жылга узак жашашат

Акыркы 10 жылда кыргызстандыктар эки жылга узак жашай башташты. Бул тууралуу  Саламаттыкты сактоо министрлигинин  коллегиясында айтылды. Ведомствонун маалыматы боюнча, 2024-жылы орточо жашоо узактыгы 72,1 жашты түзгөн. Ошол эле учурда республикада аялдар эркектерге караганда болжол менен сегиз жылга узак жашашкандыгы маалым болду. Башкача айтканда аялдардын жашоо узактыгы 76,6 жаш, ал эми эркектердики  68,3 жаш деп белгиленген.

 

Пример HTML-страницы