Кыргыз балык чарбалары Анталиядагы эл аралык көргөзмөдө болушту

11-февраль, 2026-ж. / Редакция / Айыл чарба 66

Түркиянын Анталия шаарында 2026-жылдын 4–8-февраль күндөрү суу биоресурстарын өстүрүү боюнча 11-илимий-практикалык семинар жана Аквакультура боюнча 1-эл аралык көргөзмө өттү. Иш-чарага Кыргызстандын бир катар балык чарба ишканалары катышты.

Көргөзмөдө «Аква Пром» ЖЧКсы, «Эфтар Агро Комплекс» ЖЧКсы, «Салих и Ко» ЖЧКсы жана тоют өндүргөн BioJem заводу өз продукцияларын сунуштады. Ишканалар балык жана деңиз азыктарын, анын ичинде форель икрасы менен ышталган балык түрлөрүн, ошондой эле аквакультура үчүн атайын тоюттарды көрсөтүштү.

Бул жолу семинар алгач ирет эл аралык көргөзмө менен кошо өткөрүлүп, ар кайсы өлкөлөрдөн келген окумуштууларды, ишкерлерди, инвесторлорду, мамлекеттик органдардын жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүн бир аянтчага чогултту.

11-февраль, 2026-ж. / Редакция / Айыл чарба 66
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X