Кыргыз делегациясы ШКУ форумуна катышты
2026-жылдын 20–22-ноябрь күндөрү Индия Республикасынын Нью-Дели шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) «Цивилизациялар диалогу» аттуу биринчи форуму болуп өттү. Форумдун салтанаттуу ачылыш аземине Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Моди катышты.
Иш-чарага ШКУга мүчө мамлекеттердин, байкоочу мамлекеттердин жана диалог боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн өкүлдөрү, ошондой эле илимий жана маданий коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Кыргыз Республикасынан форумга Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов баштаган делегация катышты.
Форумдун «Цивилизация жана маданий өзүн-өзү туюнтуу формалары» аттуу биринчи сессиясында сөз сүйлөгөн министрдин орун басары кыргыз элинин тарыхый-маданий мурасын сактоонун маанисине, көчмөн цивилизациясынын өзгөчөлүктөрүнө жана анын дүйнөлүк маданий мейкиндиктеги ордуна токтолду.
Ошондой эле «Манас» эпосун эл аралык деңгээлде жайылтуу, улуттук салттуу маданиятты сактоо жана маданияттар аралык диалогду өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Бул багытта Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын элдердин ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоодогу маанилүү ролу белгиленди.
Кыргыз делегациясынын эксперттик тобунун курамында Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинин директору Айгүл Мамбетказиева жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Б. Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун этнология бөлүмүнүн башчысы Амантур Жапаров болду.
Форумдун алкагында кыргызстандык эксперттер кыргыз элинин элдик маданиятына, бүгүнкү күнгө чейин сакталып келген каада-салттарына, материалдык эмес маданий мурастарды коргоо жана сактоо маселелерине, ошондой эле маданияттар аралык өз ара аракеттенүүнүн универсалдуу каражаты катары искусствонун маанисине арналган тематикалык материалдарды сунушташты.
Форумдун маданий программасынын алкагында «Рай Питхора» маданий комплексине (Rai Pithora Cultural Complex) экскурсия уюштурулду. Анда Индия Республикасынын Маданият министри Гаджендра Сингх Шехават кыргыз делегациясын жеке өзү тосуп алып, Индиянын тарыхый-маданий мурасына арналган «Жарык жана лотос: Будданын ыйык калдыктары» (Light and Lotus: Relics of the Awakened) аттуу атайын көргөзмө менен тааныштырды.
Кыргыз Республикасынын форумга катышуусу улуттук маданий мурасты эл аралык деңгээлде таанытууга, кесиптик байланыштарды чыңдоого жана маданий-гуманитардык чөйрөдөгү эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түздү.