Кыргыз эл акыны Меңди Мамазаирова: “Адабият дыйканы – Турсунбай Адашбаев”

20-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 71

(Акын, котормочу, коомдук ишмер, эки элге данакер Турсунбай Адашбаевдин бейнесине сүртүмдөр)

Ар бир адам пендеси бешенесине жазылган тагдырына жараша тирүүчүлүк өтөйт окшойт.

Айрыкча, чыгармачыл адамдар ар минутун санап: “Бүгүн эмне иш бүтүрдүм?” деген принцип менен күн көрөрү бар.

Ооба! Ошондо гана алдыга койгон миң түркүн максаттардын бир тобуна үлгүрөсүң же ага өмүрүң жетпей кетесиң. Адам ошонусу менен адам экенине тан берип отурам.

Мен сөз кылмакчы болгон чыгармачыл инсан, менин замандашым, кыргыз менен өзбек элине достук данакер, эки элге бири-бирине оңой өтө турган маданий, адабий алтын көпүрө курган Турсунбай Адашбаев тууралуу.

Бул кишинин дүйнө салганына да алты-жети жыл болуп калды. Айрыкча көзү өткөн инсандар тууралуу жазарда өтө этият болуу керектигин дайыма айтып, жазып келем.

Анткени алар тууралуу натуура окуяларды көбүртүп-жабыртып жазсаң же тескерисинче баасынан кемитип койсоң – чоң күнөө! Алар өзүн актай алчу ченде эмес да!

Албетте бизди (оштук акындар деп аталгандар, ошо кезде Ошто жашап, иштегендер) Турсунбай Адашбаев, Кармышак Ташбаев, Жолон Мамытов, Курбаналы Сабыров, Токтобай Сулайманов, Абдимитал Камалов, Мырзаш Ашырбеков, Алымкан Дегенбаева (ал тез эле борборго көчүп кетти), Сабыралы Кулуев, Азада Бегимкулова, Улукбек Мамытов, Курманбай Калдыбаев, Сүйүнбек Дүйшөналиев, кийин тез эле москвалык болуп кеткен Михаил Синельников, Абдирашит Урбаевдер эле. Баары тез-тез жолугушуп, суюк оттон татып алышып, күүлдөп ыр окушуп, аңгеме курушуп, Ошту жаңыртып турушчу. Бул 1960–75-жылдар эле.

Көзгө сүртчү бир гана “Ленин жолу” газетасы. Ага поэзияны басуу кыйын, партиянын идеологиясын жайылтчу басылмада поэзияга орун сейрек. Борбордогу газеталарга ыр, макалаларын жиберип, анын чыгарын күтүшчү. Ошондуктан чайканага же шаардын борборундагы, ыраматылык Султан Ибраимов кезексиз берген “Бакыт үйүндөгү” шарты сонун биздин үч бөлмөлүү квартирабызга байма-бай чогулушчу.

Акындардын түн жарымына чейин талаш-тартыш, ызы-чуусуна өзүм чыгармачыл болгон үчүн гана чыдасам керек! Бир жагынан жаштык энергия…

Мындайда Турсунбай аке думдаманын,

Жолон палоонун акесин таанытчу!

Атаңдын көрү жаштык ай!

Алар шаардын четинде, өздөрү салып алган менчик үйлөрүндө жашашчу. Аялы да адамгерчиликтүү, «апенди чалыш» акындардын мүнөзүн түшүнгөн инсан эле. Бейиши болгур, эрте кайтып кетти…

Котормо менен тынбай алектенчү

Турсунбай акенин качан болсо чыгармачылык тууралуу кеп, сөз кылып, бир нерселерге кыжалаттанып, убара болуп жүргөнүн байкачумун. Котормо менен тынбай алектенчү. Турсунбай акеге караганда силер жалкоосуңар десем:

“Ал эки элге кызмат кылат, анын иши көп” деп тамашалашчу.

А чынында эле ошондой экен…

Котормолорунун тизмесин атайылап баласынан сурап алып, азыр эсим эңгиреп отурам.

“Оштук акындар” тобу тыркырап, тарачу мезгил келип жетти өзүнөн өзү. Анча-мынча кошула калчу, Кыргыз Эл артисти, таланттуу композитор Сатылган Осмонов жубайы

Жамийла, бала-чакасы менен борборго, Фрунзеге иш которуп кетти. 1974-жылы 4-февралдан, Кыргыз ССРинин кинематографисттер союзунун, ошол кездеги төрагасы айтылуу Айтматов Чыңгыз Төрөкулович Жолон Мамытовду да чакырып алды. Биз, үй-бүлөсү жарым жылдан соң бала-чакаларыбыз менен көчүп келдик. Мен ошондогу абройлуу газета “Мугалимдер газетасына” корреспондент болуп орноштум. Менин да көптөн эңсеген журналисттик жолум башталды. Даанышман жазуучу Жунай Мавляновдун мектебине туш болдум.

Бизге удаа, акын Курбаналы Сабыров, полиграфист жубайы, менин курбум Гүлчөкан

Садыкова экөө да борборго келип, (андагы Фрунзе шаары) кызматка жайгашышты. Ошто Турсунбай Адашбаев, Абдимитал Камалов, Азада Бегимкулова, Токтобай Сулайманов, Ноокатта Мырзаш Ашырбековдор калышты. Курбанбай Калдыбаев кайран ак көңүл калдактаган, март досубуз оттуу суунун айынан үй-бүлөсү менен ажырашып, арасат жашоо күтүп, акыры беймаал ажалга тушукту. Тагдырга айла барбы…

Ошентип, ар кимибиз ар кандай тагдыр күттүк. Жолон Чыңгыз Төрөкулович менен иштеп жүрдү. Калаанын ортосунан “Миң түркүн” соода борборунун үстүнөн үч бөлмөлүү, шарты жакшы квартирага ээ болдук. Албетте, Ошто мыкты инсан Султан Ибраимовдон буйруган квартираны эки бөлмөгө алмаштырып келгенбиз. Фрунзеден Чыңгыз Айтматовдун колунан дагы сонун квартира алдык. Биз аларга эки дүйнөдө ыраазыбыз. Ылайым алардын рухтары да бизге ыраазы болсун!

Бул макаланы жазып атып көзүмө жаш тегеренбей койгон жок. Анткени, ойноп-күлүп бирге жүргөн теңтуштардын көбүнүн көзү өтүп кетип, алар тууралуу эскерүү оңой эмес. Кечээ эле бирге жүргөнбүз. Не деген максаттар бар эле.

Алгач Курбаналы 39 жашында жайрады, Курбанбай Калдыбаев, Жолон Мамытов, Азада Бегимкулова, Орозбай Көчкөнов, Дайырбек Казакбаев, Кармышак Ташбаев,Токтобай Сулайманов, Мырзаш Ашырбеков, Турсунбай Адашбаев, Абдимитал Камалов, Абдирашит Урбаевдерди эстеп отурам. Ар биринин кылык-жоруктары, коомдо иштеген иштери, жазган чыгармалары баары көз алдыда.

Ал киши барында достор арасында ыйкы-тыйкы, нааразычылык болгон эмес

Бул жолу эки элдин эрмеги, эркеси, чыгармачылык Алтын Көпүрөнүн ээси Турсунбай акенин жасап кеткен, Ала-Тоодой бийик, Сыр дарыядай узун иштеринин өз баасын албай калганы тууралуу колуман келишинче, тирүүлөрдүн кулагына күмүш сырга кылып таккым келди.

Биз, борборубуз Фрунзеге келип жашап иштеп, Ошто калган досторубузга ордо болдук. Жоок, алар биздин квартирага жатып-конуп алды деген сөз эмес, өтө зарыл болбосо.

Негизинен ошо кезде эң чон мейманкана “Кыргызстан” азыркы “Хаят” болчу. Биздин үй менен мейманкананын ортосу 200-250 метрдей гана. Алар адегенде мейманканага жайгашып алып, анан биздикине келишчү. Алар кандай иштер менен келсе да биздин үйгө топтолчу.

Бир күнү Кармышак Ташбаев менен Турсунбай аке келишти. Алардын баштыктарында өзгөн күрүчү, сары сабиз, зире, сарымсак, өрүк, мейиз, бейалма (бехи) бар адаттагыдай.

Мен да кызматтан келе сала даярдай койгон чайымы ичкен соң алар лоджияга чыгып кетишти тамеки чеккени. Удаа эле кызматтарынан чыгып, Жакып Медетов, Орозбай Көчкөнов, Омор Сооронов, Дайырбек Казакбаев, Мелис Абакиров, Сүйөркүл Тургунбаев, Курбаналы Сабыровдор кирип келишти (Оштуктардын дареги бир күн мурда билинет эмеспи!).

Көрүп ал!

Кучакташып, тамашалашып, Оштогу жаңылыктардан кеп салып, телефон турчу кичинекей столчону алып чыгып, үстүнө бир бөтөлкө, рюмкалар, муздаткычтагы болгон закускелерди коюшуп, дароо жолукканыбыз үчүн деп бирден тартып жиберип, бири тамеки бурулдатса, бири шахматка дап салып калышат.

Ашканага кирбейм деле. Анткени эттин ордуна (Жолон ветврач гана эмес, ихтиолог врач да. Балык доктору. Биздин муздаткычтын акыркы текчесинде не деген майлуу балыктар турчу!) куйруктан соң, балыкты салып думдама кылуу Турсунбай акенин милдети. Ал жаныбар 40-45 минутада даяр болот. Турсунбай акенин буйругу менен аны чоң табакка салып, лоджияга жанагы кичинекей столчого алып барам.

Элди күлкүгө карк кылган Орозбайдын буйругу менен ар бири тост айтышып, адабияттагы акыркы кабарларды, басмадагы жаңылыктарды саймедиреген Курбаналы экөө бийликте. Турсунбай акенин кыргызча, өзбекче аскияларынан, күлкүлөрүнөн лоджия жарылып кетпей араң калат.

Чиркин! Не деген доор эле…

Жолон дароо бөлүнүп, ашканага кирет. Өзгөн күрүчтөн палоо басыш керек. Турсунбай акенин даамдуу думдамасы ал жөн эле бөдөнөнүн суусуна ысылык да. Тез эле ичтейлери ачылат эмеспи. Жолон менсиз кайдан палоо жасамак. Сабизди кесек туура, пиязды бир кесеге толо туурап бер” деп жанынан чыгарбайт. Жолон этти кызарта, сары сабизди күйдүрбөй, “өлтүрө” кууруп, суусун куюп кайнатып, өзгөн күрүчтү уютуп, ар бир эрежесин так сактап, чын ниетин коюп, лоджиядан ашкананын терезесинен сунулган чөйчөктү көңтөрө коюп, тигилердин “ысык” сөздөрүнө кошо каткыра салып, жыргап күймөнөт.

Турсунбай аке түгөнбөгөн котормолору тууралуу айтып берип атканын кулагым чалат. ”Манас” эпосун өзбек тилине которуп, кантип 200 миң нускада чыгарганын, Токтогул Сатылганов 300 миң нуска, Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Темиркул Үмөталиевдердин ири нускада китептери тууралуу айтат. Мунун баары Ташкенден чыгып атканы.

– Достор! – дейт Жолон башкача мээримге толгон үнү менен: – Ар бириңердин колуңарда саатыңар бар. 25 минутадан соң Меңдинин дасторконуна отурабыз. 25 минут танапис! Палоого кечикмей жок!

Достор киришет. Эң төрдө Турсунбай аке, анан Кармышак. Фрунзеликтер кийин жайгашат. Жолон казанды оттон алып, чоң сыр табакка палоосун депкир менен абайлап салуу менен алек.

Акырында Турсунбай аке мага бата берип, бардык ыраазычылыкты мен алдым. Жолон Тукесин мурда сүйлөшкөндөй улуу кишиге жолуктурмай болду окуянын аягында. Кемпир кыял достор, күрү-гүү, кучакташмай, өбүшмөй менен кеч тарашты.

Атаганат! Мындай кечелер көп болду

Жаз, жайларда табийгатка достор жубайларыбыз менен бирге чыгып, Турсунбай акенин укмуш шашлыктарын жегенбиз. Турсунбай аке келип, досторго дайыма майрам жасап, өзүнүн да иштерин бүтүрүп кетчү. Ал киши барында достор арасында ыйкы-тыйкы, нааразычылык, уруш-талаш болчу эмес.

Мына эми, азыр Турсунбай Адашбаевдин ким экенин, кандай адамдан айрылганыбызды терең сезем. Эки элди, өзбек менен кыргызды руханий жактан жакындаштырып, асыл баалуулуктарын бири-бирине таанытып, ат көтөргүс эмгеги, чайкалган заманда бааланбай калганы ичимди ачыштырып атканын, өкүнүч көкүрөгүмдү күйгүзүп атканын жашыра албайм. Ушул өмүргө чейин мынча көп эмгек кылган адамды учуратпаптырмын.

Турсунбай Адашбаев менен баарлашканда, учурашканда анын улуту тууралуу эч бир ойго келчү эмес. 1939-жылы улуу согуштун алдында Ала-Бука районундагы азыркы айтылуу Сафед-Булан айылында жарык дүйнөгө келет. Ал өзүнүн өзбек экенин билген эмес. Кыргыздардын арасында туулуп, кыргыз балдар менен ойноп чоңоюп, Ак-Коргон айылынан орто мектепти бүтүрөт.

Кичинекейинен кыргыз жомокторун, “Манасты” угуп чоңойгон тестиер көркөм сөзгө жакын өсөт. Китепти, газеталарды көп окуйт. Анда “Центральный ВУЗ” деген баарынан бийик турчу. Журналист деген кесип бар экенин билип, Ташкенттеги “Халклар дустлиги” мамлекеттик университетине кирип, журналисттик кесипке ээ болуп чыгат.

“Тууган жер кайдасың!” деп, Кыргызстанга кайтып келет да Оштогу “Ленин йули” газетасына корреспондент болуп ишке орношот. Мына ошондон баштап өмүрүнүн аягына чейин көркөм сөз менен иштеп, өмүрүн көркөм котормого арнап өттү.

Өзү да балдар үчүн көптөгөн сонун ырларды жаратып, кыргыз менен өзбек балдарынын черин жазды. Кыргызстандан кыргызча, Өзбекстандан өзбек тилинде болуп жыйырмадан ашуун китептери жарык көрдү.

Ал эми котормо жаатында кыргыз адабиятына жасаган эмгегин айтып, тизмесин тизсек, бир институт же университет жасачу эмгектерди жасаган. “Башкасын коюп Манасты айт” дегендей, 1970-жылы “Манас” эпосун өзбек тилине которуп, Ташкенттеги “Г.Гулям” басма үйүнөн 200 миң нускада басып чыгарат. Темиркул Үмөталиевдин “Торгой таңшык” – “Тургай навоси” жыйнагы 1972-жылы ошол эле басмадан 50 000 нускада жарык көрөт. Токтогул Сатылгановдун чыгармалары “Жаш гвардия” басмасы тарабынан “Булбул үнли, куш тилли” деген ат менен 300 миң нускада чыгып, өзбек окуучуларынын колуна тийген.

Мындан башка Жунай Мавляновдун, Сооронбай Жусуевдин, Сүйүнбай Эралиевдин, Шабданбай Абдырамановдун, Төлөгөн Касымбековдун, Алыкул Осмоновдун, Байдылда Сарногоевдин, Кеңеш Жусуповдун, Муса Жангазиевдин жана жаңыдан адабиятка келип, өзүн көрсөтө баштаган калемгерлердин ырлары, романдары, аңгемелери Турсунбай Адашбаевдин котормосунда өзбек окурмандарына чоң нускада жетип жатты.

Т.Адашбаевдин чыгармачылыгы айрыкча Москвадагы Горький атындагы дүйнөлүк адабий иниституттун алдындагы эки жылдык жогорку адабий курсту бүтүп келгенден кийин сапаты артып, көркөмдүк жагынан тереңдегенин өзү мойнуна алчу.

Турсунбай Адашбаевдин балбан калеминен Кыргызстан жана СССР жазуучулар союзуна мүчөмүн деген жазмакердин бири куру калган эмес экен.

Турсунбай Адашбаевдин уулу Мурат Адашбаев атасынын мурастарын изилдеп, жыйнап жүрүптүр. Ага кубанганымды айтпа. Ошол жыйнаган тизмени карап отуруп, айран таң калбай кое албадым. Анткени, “Жеңижок менен Барпынын учурашканы”, “Жеңижок менен Арстанбектин учурашканы”, Тоголок Молдонун, Асан кайгынын монологу, алардын айрым ырлары баары өзбек тилине которулган.

Турсунбай Адашбаев орус жана дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүн которууда өтө катуу иштеген экен. Англис акыны жана жазуучусу Уолтер Де Ла Мердин “Оюнкарак шамалдар” китебин, “Жоголгон чокой”, “Тегирменчи жана анын уулу”, “Үч бир тууган”, “Жашынмак” жана бир топ ырларын которгон.

Поляк акыны Ян Бжехванын балдар үчүн жомокторун, Самуил Маршактын балдар үчүн жомокторун жана ырларын балдардын тилине өтө жакын которгон.

Орус, латыш, немец жана башкалар болуп 48 акын-жазуучулардын балдар үчүн чыгармаларын өзбек, кыргыз тилдерине которуп, алар өзүнчө китеп болуп чыгып кенже жана мектеп жашындагы балдардын көркөм дүйнөсүн, ой жүгүртүү масштабын кеңейткен.

Турсунбай Адашбаевдин жазган ырларын, эки элге кылган коомдук иштери менен акыл сыйгыс ченемдеги котормо иштерин карап отуруп, “Адашбаев адабияттын чыныгы дыйканы болгон экен” деп айтпаска болбос!

Маркумдар ыраазы болмоюн, тирүүлөрдүн иши жүрбөйт деген сөз аксиомага айланып кетти го. Кыргыз менен өзбек элинин данакери, котормочу 80-жылдардан кийин Ташкентке чакырылып, басмаканаларда иштеди. 1987-жылдан баштап, Ташкентте чыгуучу “Юлдузча” журналынын редактору болгон. Ошондо коомдук иштерге активдүү катышып, эки элдин достугун, адабий, маданий байланышын чыңдоодо албан эмгектерди жасады. 1991-жылы, Өзбекстан Республикасынын борбору Ташкент шаарында Кыргыз Улуттук маданий борборунун ачылышына демөөрчүлөрдүн бири болгон. 1991–2017-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Ташкент шаарындагы Элчилиги менен тыгыз иш жүргүзүп, кыргыз акын, жазуучуларынын чыгармаларын басмадан чыгарган.

Өмүрүнүн аягына чейин балдар жана өспүрүмдөр адабиятынын консультанты жана күйөрманы болду. Турсунбай Адашбаевдин эки элге кылган баа жеткис эмгегин унутпай, дайыма эскерип туруу биздин тирүүлүктөгү парзыбыз. “Маркумдар ыраазы болмоюн, тирүүлөр мээнибейт” деген сөз аксиомага айланып кетти. Албан эмгектин акыбетин артындагы эки элдин балдары жана өспүрүмдөрү көрсүн. Өмүрдүн бир ирмемин текке кетирбей, чыгармачылык сапарын аяктаган Эмгек баатырын баалоо азыр да кеч эмес!

Ошо каргашалуу, жүрөк токтогон күнү да, Кыргызстандын Өзбекстандагы Элчилигине бараткан экен. Колундагы портфелинде Сүйүнбай Эралиевдин “Тоолор менин таянычым”, Сооронбай Жусуевдин “Ала-Тоо ырлары”, Байдылда Сарногоевдин “Күүлөрү” бар экен…

20-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 71
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X