Кыргыз-казак медиа өкүлдөрүнүн футболдук таймашы жыйынтыкталды

6-июль, 2022-ж. / Редакция / Спорт 35

Кыргызстан жана Казакстандын медиа өкүлдөрүнөн куралган «Top team KG» жана «One game» командаларынын ортосундагы футболдук матч жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, оюн эки өлкөнүн достугун жана тилектештигин бекемдөө максатында уюштурулуп, дени сак жашоо образын жайылтуу жана жаштар арасында футбол оюнунун кеңири таратууну көздөдү.

Оюндар 2 тайм менен өтүп, Казакстандын курама командасы Кыргызстанды жеңип алды.

Футболдук беттешке министр Азамат Жаманкулов, министрдин орун басары Союзбек Надырбеков жана маданият өкүлдөрү күбө болушту.

6-июль, 2022-ж. / Редакция / Спорт 35
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X