Кыргыз милициясынын музейи жаңыланды
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Сагын Наматбаев атындагы музейи капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин кайрадан эшигин ачты. Жаңыланган музей заманбап шарттар менен жабдылып, кыргыз милициясынын тарыхын, калыптануу жана өнүгүү жолун чагылдырган жаңы экспозициялар менен толукталды.
Оңдоп-түзөө иштеринин алкагында музейдин имараты кеңейтилип, мурдагы эки кабаттуу имаратка үчүнчү кабат кошулду. Натыйжада анын көргөзмө жана иш-чараларды өткөрүү мүмкүнчүлүктөрү кыйла артты.
Музейдин биринчи кабатында жолугушууларды, тематикалык сабактарды жана ар кандай иш-чараларды өткөрүү үчүн чакан жана чоң конференц-залдар уюштурулган.
Экинчи кабат толугу менен кыргыз милициясынын тарыхына арналган. Анда ички иштер органдарынын түзүлгөн мезгилинен тартып бүгүнкү күнгө чейинки өнүгүү жолун чагылдырган тарыхый экспонаттар, архивдик материалдар жана маалыматтык стенддер коюлган. Экспозицияны жасалгалоодо түстөргө жана ар бир элементтин символикалык маанисине да өзгөчө көңүл бурулган.
Ал эми үчүнчү кабатта Кыргыз Республикасынын Президентине, ар кайсы жылдардагы ички иштер министрлерине жана ведомствонун генералдарына арналган сүрөт галереясы жайгашкан.
Музей заманбап технологиялар менен да жабдылды. Ар бир кабатка орнотулган электрондук маалыматтык панелдер аркылуу келгендер кыргыз милициясынын тарыхы, архивдик сүрөттөр, документалдык тасмалар, ошондой эле «Бетме-бет» ведомстволук гезити менен «Кыргыз милициясы» журналынын материалдары менен тааныша алышат.
Жаңыланган музей тарыхый мурастарды сактоо менен катар жаш муундарга патриоттук тарбия берүү, милиция кызматкерлеринин кесиптик салттарын жайылтуу жана муундар арасындагы байланышты бекемдөө үчүн кызмат кылмакчы.