"Эркин-Тоо"
Эркин Тоо гезити

Кыргыз Республикасынын Хоккей федерациясынын биринчи вице-президенти Эльзар Болотбеков: “МАШЫКТЫРУУЧУДАН КӨП НЕРСЕ КӨЗ КАРАНДЫ”

– Эльзар мырза, өткөн жумада Бишкекте хоккей боюнча жаштар арасында дүйнө чемпионаты өттү. Чемпионат кандай жыйынтыкталды?

– Ооба, Бишкекте 18–24-январда хоккей боюнча  20 жашка чейинки жаштар курама командаларынын дүйнө чемпионаты өткөрүлдү. Оюнга жалпы  6 өлкөдөн Кыргызстан, Гонконг,  Мексика, Иран, Түштүк  Африка, Люксембург командалары катышты. Оюндар айлампа системасында болду. Мында  6 команда чогуу бири-бири менен ойношту. Анын жыйынтыгы менен 1-орунду Кыргызстан, 2- Гонконг, 3-Мексика командалары ээлешти.

– Ал эми  жалпы өлкөбүздүн хоккей боюнча улуттук курама командабыз тууралуу айтсаңыз? Эл аралык мелдештерге катышуусу, азыркы абалы, келечеги кандай?

– Кыргыз хоккейин өнүктүрүү үчүн федерация тарабынан дыкат иштер аткарылууда. Бирок, өтө мыктыбыз деп да айта албайбыз. Акырындан бийиктикке жетүүгө кадамдарды жасап жатабыз. Өлкөдө  ири мелдештердин болуп турганы кыргыз хоккейинин келечегине чоң таасирин тийгизет. Ал эми акыркы жылдары мамлекеттен спорттун хоккей түрүнө каржылоо, колдоо болуп жатат. Учурда  хоккей боюнча улуттук курама командабыз дивизион 2  дүйнө чемпионатында ойноп жатышат. Ал эми апрель айында Болгарияда   дүйнө чемпионаты болот. Ага даярдыктар күчүндө. Негизинен улуттук командабыздын эл аралык мелдештерде көрсөткүчтөрү жаман эмес.  Мурдараак улуттук  курама командага балдарды  издечүбүз.  Азыр  болсо тандоо деңгээлине жеттик. Атаандашуу  болгон жерде өнүгүү болот. Балдар арасында хоккейге кызыккандар көбөйүүдө. Эң башкысы эмгек жана машыгуу.

– Команданын негизги машыгуулары кайда өтөт?

– Азыр негизги өзөк Бишкек шаары болуп турат. Машыгууларыбыз мурдагы Бишкек, жаңы аталышы Номад аренасында өтөт. Себеби бардык  талапка жооп берет. Ал эми  Локоматив аренасында шарттар жок, бирок, машыкса болот. Алдыда, мамлекеттин колдоосу менен эл аралык деңгээлдеги хоккей аренасы салынса абдан жакшы болмок.

– Бишкектен тышкаркы аймактарда хоккейди өнүктүрүү жагы кандай?

– Бул жаатта Нарын аренасында бардык шарттар бар. Нарында официалдуу спорт мектепте хоккей бөлүмү да ачылган. Ысык-Көлдө да  хоккейге кызыккандар басымдуу.  Бул оюн көбүрөөк климаттан көз каранды болгондуктан, өлкөнүн түштүгүндө азыраак. Ал эми Токтогулда хоккейге кызыккандар арбын, акырындан  өнүгүп жатат.  Колубуздан келишинче федерация тарабынан спорттук жабдыктар менен акысыз камсыздап жатабыз.

– Хоккейге кыздардын катышуусу көп элеби?

– Кыздар арасында командабыз да мелдештерге ийгиликтүү катышууда. Буга чейин хоккей ойночу кыздарыбыз  Ысык Көлдөн болчу. Азыр  Нарын, Бишкектен топтолууда.

– Хоккейге тандоодо негизги талаптар кайсылар?

– Өзгөчө деле талаптар жок. Эң башкысы  балдардын ден соолугу чың, хоккейге кызыгуусу болушу керек. Хоккейдин 2 түрү бар. Топ жана шайба менен ойноо. Кыргызстанда шайба менен ойнолуучу түрү ойнолот.

– Ал эми машыктыруучулар жетиштүүбү?

– Квалификациялуу  10дон ашуун машыктыруучуларбыз бар. Азырынча бул бизге жетиштүү.  Федерация  машыктыруучуларды чет жердеги окууларга жиберүүнү колго алган. Анткени,  хоккейде машыктыруучудан көп нерсе көз каранды.

Мээрим Бактыбек кызы