Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруу аземи
Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу
«Эмгек Баатыры» , III даражадагы «Манас», «Эрдик» «Даңк», «Достук» ордендери менен, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын эл мугалими» , «эл артисти» , «эл сүрөтчүсү» жана башка наамдар менен президент Садыр Жапаров тарабынан эмгеги элге жеткен инсандар сыйланышты.