Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук стратегиялык демилгелер институтунун директорунун орун басары Тимур Абылаев: Бюрократиядан арылтуу – мамлекеттик башкарууну реформалоо
Мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу жарандар менен ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, ашыкча административдик тоскоолдуктарды жоюуга жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга багытталган маанилүү реформа. Анын алкагында кандай иштер аткарылып, кандай өзгөрүүлөр болуп жатат? Реформанын максаты, негизги багыттары жана алгачкы жыйынтыктары тууралуу маектештик.
— Тимур мырза, бюрократиядан арылтуу деген эмне? Эмне үчүн бүгүнкү күндө бул багытка өзгөчө көңүл бурулуп жатканы боюнча сөзүбүздү баштасак?
— Жакшы болот. Бюрократиядан арылтуу – бул биринчи кезекте мамлекеттин адамдарга болгон мамилени өзгөртүү деген эле сөз. Тагыраагы, мамлекеттик органдардын жөнөкөй, тез жана натыйжалуу иштеши, ал эми жарандар жана ишкерлер ашыкча талаптарга, керексиз тастыктама кагаздарын, узакка созулган макулдашууларга жана кайталанган убарагерчиликтерге туш болбошу керек. Мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу, бир эле документтердин санын азайтуу эмес экенин түшүнүү маанилүү. Анткени, бул мамлекеттик башкаруунун сапатын жогорулатуу, негизсиз административдик тоскоолдуктарды жоюу жана мамлекет тарабынан жарандарга алардын күнүмдүк жашоосун татаалдатпаган шарттарды түзүү болуп эсептелинет.
— Кыргызстанда мамлекеттик башкаруунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча алгачкы иш ушул багытта башталды деп айтсак болобу?
— Буга чейин «Кыргызстанда ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо, мыйзамдарды өркүндөтүү жана административдик жолжоболорду жөнөкөйлөтүү боюнча иштер жүргүзүлгөн эмес» — деп айтуу туура эмес. Мындай демилгелер мурда да ишке ашырылган. Бирок, азыркы реформанын масштабы, татаалдыгы жана саясий мааниси менен айырмаланат. Азыр жасалып жаткан жумуш, жеке ченемдерди же мекемелерди эмес, жалпы мамлекеттик башкаруу системасын толук камтыйт. Татаал талаптарды, кайталанган функцияларды, эскирген жол-жоболорду жана жарандарга, ишкерлерге жана мамлекеттик органдарга бөгөт кылган тоскоолдуктарды аныктоо — иштин негизги маӊызын түзөт. Жүргүзүлүп жаткан реформа, буга чейинки аткарылган иштерден айрымаланып, бюрократиядан арылтуу максатында мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча бир жолку кампания катары эмес, мамлекеттик башкарууну системалуу трансформациялоо катары кароо маанилүү.
— Учурда бул багытта кандай маанилүү иштер жүргүзүлүп жатат?
— Реформаны ишке ашыруу үчүн мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. Анын ишин Министрлер Кабинетинин Төрагасы координациялайт. Мындай координация чоң мааниге ээ. Анткени, бюрократиялык тоскоолдуктар көбүнчө бир нече ведомстволордун ыйгарым укуктарынын кесилишинде пайда болот. Аларды жоюу үчүн мамлекеттик бир эле органдын чечими жетишсиз, бүтүндөй системанын макулдашылган өз ара аракеттенүүсү талап кылынат. Мында, мамлекеттик органдардын өздөрүнүн конкреттүү жол-жоболорун өзгөртүү боюнча негизги жоопкерчилиги жатат. Алар тапшырмаларды аткарып эле койбостон, көйгөйлөрдү өз алдынча аныктап, чечимдерди сунушташы керек.
— Сиздердин институт бюрократиядан арылтуу алкагында так эмне менен алектенет?
— Улуттук институт аналитикалык жана эксперттик функцияны аткарат. Биздин милдет — мамлекеттик башкаруу процесстерин системалуу кароо, жеке кайрылууларды же ченемдик актыларды карап жатканда жөнөкөй көзгө көрүнбөгөн көйгөйлөрдү аныктоо жана жалпы кырдаалды өзгөртүүгө жөндөмдүү чечимдерди сунуштоо болуп эсептелет. Башкача айтканда, түзүлгөн комиссиянын уюуштуруу фунциясын аткарат. Институт административдик жол-жоболорду талдап, жарандардын жана бизнестин мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү практикасын изилдеп, ашыкча талаптарды жана функциялардын кайталанышын аныктайбыз. Ушул негизде мыйзамдарды өркүндөтүү жана мамлекеттик органдардын ишин уюштуруу боюнча сунуштарды иштеп чыгат. Комиссия ишинде негизги өзөк — бул жарандардын жана ишкерлердин кызмат алуусун болушунча жеӊилдетүү жана мамлекеттик мекемелердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу.
– Мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана бюрократиядан арылтууга багытталган реформаларды андан ары ишке ашыруу жөнүндө Президенттин Жарлыгы чыккандан бери кандай жыйынтыктарга жетише алдыңыздар?
– Бул багыттагы иштер башталгандан бери бир катар маанилүү жыйынтыктарга жетиштик. Тактап айтканда, мекемелер аралык комиссиянын ондон ашык отуруму өткөрүлүп, 300дөн ашык мамлекеттик мекемеге тиешелүү тапшырмалар берилди. Ошондой эле 150дөн ашык ченемдик-укуктук актыга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди. Мында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүгө жана административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Анын ийгиликтүү мисалдарынын бири “Электрондук аудит” долбоору. Долбоордун алкагында бюджеттик уюмдарды текшерүү мөөнөтү эки жумадан, үч күнгө чейин кыскартылды. Бул өз кезегинде убакытты жана мамлекеттик ресурстарды үнөмдөөгө, контролдук жол-жоболордун ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатууга шарт түздү. Негизи, бюрократияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан реформалардын башкы максаты – жарандардын мамлекеттик кызматтарды алууда ашыкча убакыт коротпошун, негизсиз талаптарга жана документ чогултуу түйшүгүнө туш болбошун камсыз кылуу. Эң негизгиси, жарандар бул өзгөрүүлөрдү күнүмдүк жашоосунда сезиши керек. Бүгүнкү күндө мындай натыйжалар байкала баштады деп ишенимдүү айта алабыз. Мисалы, мурда жарандардан талап кылынган айрым маалымкаттарды, анын ичинде наркологиялык жана психиатриялык диспансерлерден алынуучу маалымкаттарды эми жаран өзү алып келбестен, тиешелүү мамлекеттик орган керектүү маалыматты өз алдынча суратып ала алат. Башкача айтканда, мурда бир катар мамлекеттик кызматтарды алуу үчүн милдеттүү түрдө талап кылынган маалымкаттардын айрымдары жоюлду. Бул жарандардын убактысын үнөмдөп, кезек күтүүдөн жана ашыкча документ топтоодон арылтат. Дагы бир мисал катары паспорт маселесин айтсак болот. Буга чейин жашы жете элек балдарга паспорт алуу же баланы чет өлкөгө алып чыгуу учурунда эки ата-эненин тең макулдугу талап кылынса, азыр мыйзамда каралган учурларда бир ата-эненин макулдугу жетиштүү болуп калды. Бул да ата-энелер үчүн бир топ ыңгайлуулуктарды жаратып, ашыкча бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтты.
— Ал эми ишкерлер жана бизнес үчүн эмне өзгөрүүлөр бар?
— Бизнес үчүн бюрократия ыңгайсыздыктарды гана эмес, кошумча чыгымдарды да алып келгендигин баарыбыз билебиз. Ишкердин уруксат кагаздарын алууга, документтерди чогултууга жана макулдашууларды өткөрүүгө жумшаган убактысын азайтуу максатында дагы бир топ иштер жүргүзүлдү. Алардын катарында, мамлекет тарабынан берилүүчү уруксат кагаздарынын санын 905тен 439га чейин түшүрүп, жалпы реестр түздүк. Бул ишкердик ишин жөнгө салууга болгон мамилени кайра карап чыгууну жана ашыкча талаптардын бир бөлүгүнөн баш тартууну билдирет. Биздин милдетибиз – мамлекет коопсуздук, адамдардын саламаттыгы жана коомдук кызыкчылыктар үчүн маанилүү болгон жерлерде зарыл көзөмөлдү сактап калган, бирок экономикалык ишмердүүлүккө негизсиз тоскоолдуктарды жаратпаган системаны түзүшүбүз керек.
— Мамлекеттик мекемелердеги бюрократиядан арылтуу боюнча алдыга коюлган негизги миссия аткарылды деп айтсак болобу?
— Белгилүү бир деңгээлде аткарылды деп айтсак деле болот. Бирок, мамлекеттик башкаруу системасы бюрократиядан толук арылды деп айтууга азырынча эрте. Себеби, бул багытта алдыда дагы аткарыла турган иштер көп. Эң негизгиси, бюрократиядан арылтуу бир жолку өнөктүк же белгилүү бир мөөнөт менен чектелген иш эмес, туруктуу жана үзгүлтүксүз жүргүзүлүүчү процесс болушу керек. Мамлекеттик башкаруу деген дайыма өзгөрүп, өнүгүп турган система. Бүгүнкү күндө аныкталып, жоюлган тоскоолдуктардын ордуна эртең жаңы талаптар, ашыкча жол-жоболор же административдик чектөөлөр пайда болушу мүмкүн. Алар мыйзамдардагы өзгөрүүлөрдөн же айрым мамлекеттик мекемелердин иш тажрыйбасынан улам келип чыгышы ыктымал. Ошондуктан, биздин максат учурдагы көйгөйлөрдү аныктап, жоюу менен гана чектелбеши керек. Ошол эле учурда жаңы бюрократиялык тоскоолдуктардын пайда болушуна жол бербеген туруктуу механизмдерди түзүү зарыл. Бул үчүн ченемдик-укуктук актыларды үзгүлтүксүз инвентаризациялоо, мамлекеттик органдардын функцияларын жана административдик жолжоболорун талдоо, кайталанган ыйгарым укуктарды аныктоо, ошондой эле кабыл алынган чечимдердин натыйжаларын жана кесепеттерин баалоо иштерин системалуу түрдө жүргүзүү маанилүү.
Күнболот Момоконов