"Эркин-Тоо"

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы

Кыргыз Республикасында 2021-жылдын 1 жана 2-майын улуттук аза күтүү күндөрү деп жарыялоо жөнүндө

2021-жылдын 29-30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу чыр-чатактын кесепетинен көптөгөн жарандар, ошондой эле аскер кызматчылары курман болду жана жабыр тартты. Куралдуу кагылышуу жарандардын жана юридикалык жактардын олуттуу мүлктүк зыян тартуусуна да алып келди.

Курман болгондорго аза күтүү менен алардын туугандарынын жана жакындарынын кайгысын тең бөлүшүп, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасында 2021-жылдын 1 жана 2-майы улуттук аза күтүү күндөрү деп жарыялансын.

2. Улуттук аза күтүү күндөрү өлкөнүн бүткүл аймагыңда, ошондой эле  чет   өлкөдөгү  дипломатиялык  жана  консулдук   мекемелердин имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары ылдый түшүрүлсүн.

3. Маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларга улуттук аза күтүү күндөрү оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотуу сунушталсын.

4.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жергиликтүү өз алдынча башкаруу   органдары  менен   биргеликте  курман   болгондордун  үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү боюнча зарыл чараларды көрсүн.

5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н.Жапаров

Бишкек ш.,

2021-жылдын 30-апрели,

ПЖ №108

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!