Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына 30 жыл

1-апрель, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 59
Башкы банктын баскан жолу байсалдуу

Жакында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүлгөндүгүнө 30 жыл болду. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкын кыргыз элинин сыймыгы, мамлекеттүүлүгүбүздүн символу катары бааласак болот.  Анткени, ал түзүлгөнүнөн бери 30 жыл ичинде  дүйнөлүк банк системасынын стандарттарынын талаптарына жооп берген деңгээлге жетип отурат. Азыркы учурда Кыргыз Республикасында банк кызматынан пайдаланбаган жарандар жокко эсе деп айтсак болот. Мунун өзү өлкөбүздө банк системасынын үзүрлүү иштеп жаткандыгынан кабар берет. Албетте, мына ушундай деңгээлге жетүү үчүн Улуттук банк түзүлгөндөн бери карай бир топ татаал жана байсалдуу жолду басып өткөндүгү талашсыз.

УЛУТТУК БАНКТЫН КАЛЫПТАНУУ ЖОЛУ

Ырас, тарыхка кайрылсак, кыргыз акча мамилелери 8-кылымдан тартып Жетисууда башталгандыгы тууралуу маалыматтар бар. Кыргызстанда дыйканчылык жана шаар куруу тармактары өнүгө баштагандыгына байланыштуу азыркы Токмоктун жанындагы Ак-Бешим шаарчасында өз акчаларын жасап чыгаруу зарылдыгы келип чыккан. Кыргызстандын аймагында акчаны каңдап жасоо Караханиддер династиясынын башкаруу убагында – 10-11-кылымдарда кеңири орун алгандыгын  Чүй жана Талас өрөөндөрүндөгү археологиялык табылгалар айгинелеген. 19-кылымдан тартып, кыргыздар Кокон монеталарын жана Россия акчаларын пайдаланышкан. ХХ кылымдын аяк ченинде гана республикабыз көз карандысыздыкка жетишип, эгемендүүлүк алгандан тартып, өзүбүздүн улуттук валютабыз – сомго ээ болгонбуз.

XIX кылымдын аягында XX кылымдын башында жергиликтүү калктын өтүнүчү менен Кыргызстандын аймактарында алгачкы сактык кассалары ачыла баштаган.

1926-жылдын май айынан баштап, республиканын бардык аймактарында СССР  мамлекеттик банкынын Кыргыз Республикасындагы кеңселери иштей баштаган. Алар Фрунзе, Ош, Жалал-Абад, Пржевальск, Талас жана Нарын шаарларынан орун алышкан.  Жергиликтүү банк адистигиндеги кадрларды даярдоо максатында 1931-жылы Фрунзедеги финансы-экономикалык техникуму ачылып, кесипкөй финансисттерди окутуу башталган.

1987-жылдын аягына чейин Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик банк, Курулушбанк жана СССРдин Сактык банкынын банктык бөлүмдөрү иш алып барган. 1987-жылдын 16-октябрынан баштап, Советтер Союзундагы банк системасындагы өзгөртүүлөргө байланыштуу Кыргыз Республикалык СССР Мамбанкынын кеңсеси – СССРдин Мамбанкынын Кыргыз Республикасындагы банкы деп өзгөртүлгөн.

1991-92-жылдары жаңы коммерциялык банктардын түзүлүү процесси жүрүп турган. Анткени, ага чейин 80-жылдардын соңундагы жалпы экономикалык-саясий кризис банк тармагына да таасирин тийгизбей койгон эмес. Белгилей кетсек, мамлекеттик эсептер, жүгүртүүдөгү накталай жана накталай эмес акча ортосундагы катуу айырмачылыктар, ар кайсы региондордогу жана ар башка банктардагы тейленүүчү эсептешүүлөр мөөнөтүнөн кармалып кыйынчылыктар туулган. Ошондуктан, дал ушул  80-жылдардын аягы — 90-жылдардын башындагы аралык ичинде алгачкы коммерциялык банктардын түзүлүшүн негизинен мыйзам ченемдүү көрүнүш катары кароого болот.

1992-жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин №873-ХII токтомуна ылайык, Кыргыз  Республикасынын Мамбанкы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы болуп кайрадан түзүлгөн.

УЛУТТУК БАНКТЫН СТАТУСУ

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өлкө экономикасы үчүн акча-кредит жана валюта саясаттарын жүргүзүү, акча белгилерин чыгаруу, эл аралык резервдерди тескөө, банк жана төлөм системаларынын ишин көзөмөлдөө сыяктуу маанилүү функцияларды аткарган мамлекеттик институт болуп саналат. Ушул функцияларды аткаруу жана жоопкерчилик алуу милдеттери Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнө бөлүштүрүлгөн, алардын баары биригип Улуттук банктын уюштуруу түзүмүн түзөт. Улуттук банктын Башкармасы анын жогорку башкаруу органы. Ал  өзгөчө маанилүү чечимдерди, анын ичинде банк мыйзамдарынын бир бөлүгү болуп эсептелген токтомдорду кабыл алат.

Улуттук банктын иши Конституция жана «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзам аркылуу жөнгө салынат. Улуттук банктын өзгөчөлүгүн эске алуу менен ага мыйзамдуу негизде көз карандысыздык жана «Кыргыз Республикасынын борбордук банкы» деген өз алдынча статус ыйгарылган. Улуттук банк ишин өз алдынча жүзөгө ашырат, ал эми мамлекеттик органдар жана башка жактар борбордук банктын ишине кийлигишүүгө укугу жок. Улуттук банк республикалык бюджеттен каржыланбайт, тескерисинче, өзүнүн тапкан пайдасын Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине жыл сайын которуп турат.

АКЧА-КРЕДИТ САЯСАТЫ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен өз ара иш алып барууда Улуттук банктын негизги функциясы – акча-кредит саясатын аныктоо жана жүргүзүү болуп саналат. Акча-кредит саясаты — бул, мамлекеттин экономикалык саясатынын акча рыногунун пайыздык ченин жана акча сунушун жөнгө салуу аркылуу баа туруктуулугуна жетишүүгө жана аны  колдоого багытталган бир бөлүк. Акча-кредит саясатын жүзөгө ашыруунун алкагында Улуттук банк мыйзамда каралган чараларды колдонот, алар акча-кредит саясатынын инструменттери деп аталат. Алар:

  • Эсептик чен;
  • Баалуу кагаздар менен операциялар;
  • Валюта рыногундагы операциялар же валюта интервенциялары;
  • Банктарды кайра каржылоо;
  • Депозиттик операциялар;
  • Милдеттүү резервдик талаптар.

Кыргыз Республикасында улуттук валютаны жүгүртүүгө киргизүү менен, өзгөрүлмөлүү алмашуу курсу режими кабыл алынган. Бул чет өлкө валютасынын сомго карата алмашуу курсу рынокто түптөлгөн чет өлкө валютасына суроо-талаптын жана сунуштун негизинде аныкталат дегенди түшүндүрөт. Көз карандысыздыкка ээ болгон жылдар ичинде Улуттук банк көздөгөн өзгөрүлмөлүү алмашуу курсу өз натыйжалуулугун тастыктаган жана ал дүйнөлүк рынокто жана ички макроэкономикалык жагдайда өзгөрүүлөргө өз учурунда ыңгайлашууга мүмкүндүк берет. Ага ылайык, валюта рыногундагы түзүлгөн кырдаалга жараша, валюта курсунун кескин серпилүүсүн жумшартуу жана туруктуулугун сактоо максатында валюталык интервенциялар өткөрүлүп турат.

Жаңы замандын жагымдуу чакырыктары

Улуттук банк тарабынан жүргүзүлгөн тиешелүү иштерден улам акыркы жылдары калктын финансылык сабаттуулугу да жогорулап, кредит алууда кардарлардын жоопкерчилиги да өстү. Банктык жана микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучулар жана аларды керектөөчүлөр укугун коргоону камсыз кылуу үчүн Улуттук банк жарандарды кабыл алып, алардын кайрылууларын кароого алуу ишине өзгөчө маани берет. Ар бир кайрылуу объективдүү кароого алынат. Алсак, 2021-жылы жарандардан 1300дөн ашуун кайрылуу келип түшкөн болсо, алардын 800гө жакыны коммерциялык банктарга, 400гө жакыны банктарга эмес финансылык уюмдарга карата кайрылуу болгон.  Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектеген жарандарга Улуттук банктын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмүнүн адистери телефон байланышы жана жеке кабыл алууну уюштуруу аркылуу консультациялык-укуктук жардам сунуштап келет.

Заманбап технологиялардын өнүгүшү менен бирге заманбап төлөм системаларын өнүктүрүүдө оң тенденциялар байкалууда. Чекене төлөмдөр рыногун, накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү, калкты нак эмес төлөмдөргө жана эсептешүүлөргө өткөрүү инфраструктурасын кеңейтүү жана өркүндөтүү максатында Улуттук банк мамлекеттик органдар менен бирдикте 2018 -2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасында нак эмес эсептешүүлөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Мамлекеттик программа ишке ашырылууда. Анын алкагында жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн, юридикалык жактар ортосунда эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн, үчүнчү жактардын пайдасына эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн, накталай эмес ар кандай ыкмаларды колдонуу менен кеңири мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлүүдө. Айтсак, электрондук акча, интернет-банкинг, мобилдик-банкинг, уюлдук телефондорду пайдалануу менен төлөө, банкоматтар, POS терминалдар, төлөм терминалдары, QR коддор (эки өлчөмдүү штрих-код) ж.б. натыйжалуу иштеп жатат.

Мындан сырткары жеке жана юридикалык жактар үчүн альтернативдүү аманат жана инвестициялык инструменттердин рыногун түзүү максатында 2015-жылдан бери салмагы 1, 2, 5, 10, 31,1035 (1 тр. унция) жана 100 граммдык өлчөнгөн алтын куймаларды чыгаруунун негизинде, валюта рыногундагы туруксуз кырдаалда акчалай түрдө аманаттарды топтоодо, тобокелдиктерди диверсификациялоого жана акча каражаттарын инфляциялык таасирлерден туруктуу камсыздандырууга мүмкүндүк берип жатат.

УЛУТТУК БАНКТЫН АНТИКРИЗИСТИК ИШ-ЧАРАЛАРЫ

Улуттук банк акыркы кездерде болуп жаткан дүйнөдөгү терс көрүнүштөргө, тагыраак айтсак, коронавирустук инфекциянын тарашына жана геосаясий кырдаалдын начарлашына каршы атайын иш-чараларды иштеп чыгууда. Тышкы жана ички экономикалык шарттарды, ошондой эле орто мөөнөттүк мезгилде инфляциянын динамикасына баа берүү менен, Улуттук банк 2022-жылдын 10-мартында эсептик ченди 14,0 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Мындай чечим Кыргыз Республикасындагы инфляциянын учурдагы динамикасына тийгизип жаткан терс таасирлерди азайтуу максатында кабыл алынды.

Башкы банк өлкөдөгү валюталар курсунун жогорку өзгөрмөлүүлүгү менен коштолгон кырдаалды эске алуу аркылуу, банк системасынын туруктуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн чыңдоо, ар кандай экономикалык кырдаалдарда ички таасирлерге каршы турууда банк системасынын ийкемдүүлүгүн жана жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну максат кылат. Ушуга байланыштуу, кайра түзүлгөн жана иштеп жаткан банктар үчүн чет өлкөлүк банктардын филиалдарынын капиталына талаптарды кошкондо, уставдык жана өздүк капиталдын минималдуу өлчөмүнө талаптарды баскыч-баскычы менен жогорулатуу жөнүндө маселени карап жатат.

Улуттук банк мындан ары да, Кыргыз Республикасынын банк секторунун туруктуулугун камсыз кылууга багытталган, экономиканын долларлашуу деңгээлин, банктардын жана банк эмес финансы-кредит мекемелердин тобокелдиктерин төмөндөтүү, калктын финансы-кредит мекемелеринин кызматтарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу боюнча иш-чараларды уланта берет.

№31 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 1-апрели
Абдимухтар Абилов

1-апрель, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 59
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X