Кыргыз режиссёру АКШда «Ак илбирс» сыйлыгына ээ болду
Кыргызстандын эл артисти, кинорежиссёр Артыкпай Сүйүндүков кинематографияны өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Лос-Анжелесте «Ак илбирс» (Snow Leopard Lifetime Achievement Award) атайын сыйлыгы менен сыйланды.
Сыйлык ага 2026-жылдын 19-ноябрында өткөн XII Дүйнөлүк азия кинофестивалынын (Asian World Film Festival) алкагында тапшырылды.
Сыйлыкты режиссёрго Брюс Ли менен иштешкен кинопродюсер, Америка кинематография искусствосу жана илимдер академиясынын мүчөсү Андре Морган тапшырган.
Фестиваль 12–19-ноябрь күндөрү өтүп, АКШда азия киносун жайылтууга жана колдоого багытталган. Анын алкагында «Ак илбирс» эл аралык сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталып, «Азия көз карашы» программасынын катышуучулары жана кино тармагындагы көрүнүктүү ишмерлер белгиленген.
Белгилей кетсек, Артыкпай Сүйүндүков буга чейин, 13-ноябрда, кыргыз киносунун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Кинематографисттер союзунун «Кызыл алма» улуттук сыйлыгын да алган.
Анын «Адамдардын арасында», «Жолдор кесилишкенде», «Ыйлаакчы» жана «Шамбала» сыяктуу тасмалары бар.