Кыргыз сомунун банкноттору өз өлкөбүздө чыга баштады

4-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 64

Мындан 30 жыл мурун кабыл алынган кыргыз сомунун банкноттору чет өлкөлөрдүн монеталык дворлорунан чыгарылып келген. Себеби, өлкөбүздө акча банкнотторун басып чыгара турган жогорку  технологиялык өндүрүш жок болгондуктан биздин республика өз акчасынын банкнотторун чет өлкөлөрдөн чыгарууга мажбур болуп келген. Албетте чет өлкөлөрдөн кыргыз сомунун банкнотторун басып чыгарып келүү оңойго турган эмес. Ал финансылык чоң каражаттарды, көптөгөн түйшүктөрдү талап кылган.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы акча банкнотторун сапаттуу чыгарууга жөндөмдүү жогорку технологиялык өндүрүштүк жабдууларга ээ болуп отурат. Бул чоң жетишкендик. Жакында Кыргызстанда биринчи жолу 2026- жылдагы үлгүдөгү 20 жана 50 сом номиналындагы банкноттор “Борбор-Азия Корголгон басма Басмаканасы” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан даярдалды.

Мына ушул тарыхый окуяга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө пресс-конференция өткөрдү. Пресс-конференциянын башкы спикери Улуттук банктын төрагасынын орун басары Аттокуров Мелис Шерикбаевич бул окуяга билдирүү жасады. Ал “Кыргыз Республикасынын Улуттук банк жөнүндөгү”
КРнын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Тескемесин, ошондой эле экинчи элдик Курултайда Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленген
концептуалдык милдеттерди аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы улуттук валютаны өз алдынча өндүрүүнү ишке ашыруу боюнча ырааттуу жана пландуу иштерин
жүргүзгөндүгүн жана 2026-жылдын 27-октябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2026-жылдагы үлгүдөгү 20 жана 50 сом номиналындагы улуттук валютанын жаңы
банкнотторун жүгүртүүгө киргизип жаткандыгын жарыялады.

Андан аркы сөзүндө бул кадам Кыргызстандын экономикалык эгемендүүлүгүн жана көз карандысыздыгын бекемдөөнүн жаңы этабы жана Улуттук банк үчүн долбоор стратегиялык мааниге ээ экендигин белгиледи. Ал корголгон басма чөйрөсүндө улуттук компетенттүүлүктү калыптандыра тургандыгын, өз өндүрүштүк базасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн жана Кыргыз Республикасында акча жүгүртүү инфраструктурасынын туруктуулугун жогорулата тургандыгын, банкноттор “Борбор-Азия Корголгон Басма Басмаканасы” ЖЧК тарабынан даярдалгандыгын айтты. 2026-жылкы үлгүдөгү банкнотторунун дизайнын иштеп чыгууда учурдагы биринчи сериядагы банкноттор менен улантуу сакталгандыгына, банкноттордун өлчөмү, негизги сүрөттөрү, портреттери, түстүү жасалгасы жана дизайндын жалпы концепциясы олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болбогондугуна, банкноттордун алдыңкы бетинде тарыхый инсандардын портреттери, арткы бетинде тарыхый маданий объектилер мурункусундай сакталып калгандыгына токтолду. Улуттук валютанын бардык чыгарылыштагы банкнотторуна Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында мыйзамдуу төлөм каражаты статусу сакталат. Алардын жүгүртүү мөөнөтү чектелбейт.

Пресс-конференцияда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн суроолоруна жыйынды алып баруучулар тарабынан жооптор берилди.

2026-жылдын үлгүсүндөгү 20 жана 50 сом номиналындагы банкноттордун негизги коргоо белгилери төмөндөгүлөр: суу белгиси: көп тоналдуу портрет жана номинал түрүндө электротип; Коргоо тилкеси: үзүк тилке, жарыкка салып кароодо үзгүлтүксүз болуп көрүнөт, анда номиналдын саны жана Улуттук банктын ромб түрүндө логотиби катылган. Бири-бирине дал келбеген сүрөттөлүш; банкноттун алдыңкы жана арткы беттериндеги сүрөттөрдүн фрагменттерин жарыкка салып кароодо ромб формасын түзөт. Сүрөттөрдүн рельефтүүлүгү; портрет, жазуулар, банкноттун сан жана тамга номиналы. Көмүскө сүрөттөлүш; банкнотту жантайыңкы алып кароодо сомдун белгиси – С көп түстө көрүнөт. Жалтырак түс (арткы бетинде); банкноттун номиналы жана Улуттук банктын логотиби түрүндө. Микротекст; микросүрөттөлүштө флора жана фауна сүрөттөрү жазуу түрүндө берилген.

4-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 64
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X