Кыргыз спортчуларынын даярдыгы кандай?

27-август, 2026-ж. / Редакция / Маданият 288

Кыргызстанда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башталышына саналуу күндөр калды. Учурда өлкө масштабдуу оюнга даярдыктардын акыркы этаптарына чыгууда. Маалыматтар боюнча 31-августтан 6-сентябрга чейин өтө турган ири спорттук жана маданий иш-чарага 112 өлкө катышууга арыз берип, 3 миңге жакын спортчу келери күтүлүүдө. Эми өлкөнү бир гана мелдештер эмес, чет элдик делегацияларды тосуп алуу, алардын коопсуздугун камсыз кылуу, транспорт, жайгаштыруу жана маданий программаларды уюштуруу сыяктуу чоң милдеттер күтүп турат.

Бул жолку оюндар эксперттердин айтымында өзгөчө өтөт. Өлкөнүн даярдыктары да мыкты деңгээлде. Анын үстүнө дүйнөлүк спорттук иш-чараны жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин өткөрүп жатат. Ошондуктан 31-август жана 1-сентябрь күндөрү Бишкекте коопсуздук жана транспорттук чектөөлөр да киргизилип, ири иш-чаралар пландалган.

Дүйнө Кыргызстанга бет алат
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий датасы 31-августтан 6-сентябрга чейин деп белгиленген. Ачылыш аземи Бишкекте жаңы курулган “Бишкек Арена” стадионунда өтөт, ал эми спорттук мелдештердин негизги бөлүгү Ысык-Көлдө уюштурулат. Катышуучулардын арасында Борбор Азия мамлекеттеринен тышкары Азия, Европа, Америка жана башка аймактардан келген спортчулар бар. Эл аралык катчылыктын акыркы маалыматына ылайык, айрым спорттун эл аралык федерациялары өз мелдештеринин регламентинде катышуучулардын 29-августтан тарта келе баштай турганын көрсөтүүдө. Мас-рестлинг боюнча мелдештин расмий графигинде иш-чара 29-августта башталып, 6-сентябрда аяктай турганы көрсөтүлгөн. Демек, Кыргызстан чет элдик спортчуларды оюндардын расмий ачылышына бир нече күн калганда кабыл ала баштайт.

Спорттун 42 түрү боюнча күч сынашат
Чет элдик делегациялардын келүүсүнө даярдык жүрүп жаткан маалда Кыргызстандын улуттук курамалары да эң жооптуу мелдештерге даярдык көрүшүүдө. Кыргызстандын улуттук курама командасы 42 спорт түрү боюнча күч сынашат. Спортчулар үчүн окуу-машыгуу жыйындары уюштурулуп, мелдешке чейинки акыркы даярдыктар жүргүзүлүүдө. Даярдыктар ушул күндөрдө Ысык-Көлдүн Бостери айылында өтүп жатат. Ага көк бөрү, көкпар, эр эңиш, тыйын эңмей сыяктуу ат үстүндөгү спорттун өкүлдөрү менен катар башка улуттук спорттун спортчулары да тартылган. Бул даярдык жөн гана жалпы машыгуу эмес. Спорттун айрым түрлөрүндө тандоо мелдештери өткөрүлүп, өлкөнүн атынан чыга турган мыкты спортчулар аныкталган. Азыр болсо негизги көңүл алардын акыркы формасын чыңдоого бурулууда.

Өзгөчө жоопкерчилик
Кыргызстан үчүн Көчмөндөр оюндарындагы эң чоң кызыгуулардын бири – көк бөрү. Бул спорт боюнча кыргыз курамасы буга чейинки оюндарда өзгөчө ийгиликтерди көрсөтүп келген. Ошондуктан быйыл өз жеринде өтө турган мелдеште күйөрмандар командадан ийгилик күтөт. Көк бөрү боюнча улуттук курама команда да учурда окуу-машыгуу иштерин жүргүзүп жатат. Ысык-Көлдө оюндарга ылайыкталган көк бөрү аянтчасы да даярдалганы
кабарланган.

Аркантартышабыз
Кыргыз курамасынын даярдыгынын дагы бир кызыктуу багыты – аркан тартыш. Бул спорт боюнча команда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кызуу даярдык көрүп жатат. Аркан тартыштын 8×8, 4×4 жана 1×1 сыяктуу категориялары боюнча даярдык жүрүп жатканы айтылууда. Команданын машыгуусунда күч, ылдамдык, биргелешкен аракет жана тактикалык даярдыкка басым жасалат.
Көчмөндөр оюндары спорт менен гана чектелбейт. Анын маанилүү бөлүгү – көчмөн элдердин маданиятын көрсөтүү. Бул жагынан Кырчын жайлоосу өзгөчө роль ойнойт. Бул жерде оюндардын маданий программасы уюштурулуп, кыргыздын салт-санаасы, улуттук кийимдери, кол өнөрчүлүгү, улуттук тамак-ашы жана ат оюндары көрсөтүлөт. Кырчын VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын негизги борборлорунун бири болот. Ошентип, Ысык-Көлгө келген чет элдик конок спорттук мелдешти көрүп эле кетпестен, кыргыз элинин көчмөн маданияты менен да тааныша алат.

Жазгүл Кенжетаева

27-август, 2026-ж. / Редакция / Маданият 288
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X