КЫРГЫЗ ТИЛИН ӨНҮКТҮРҮҮНҮН КЕЗЕКТЕГИ ЭТАБЫ БАШТАЛАТ

16-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 196

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия программа иштеп чыгып, кыргыз тилин өнүктүрүүнүн кезектеги этабын баштоо алдында турат.  Башкача айтканда, 2026–2028-жылдарга карата мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынын долбоору даярдалып, документ коомдук талкууга чыгарылды.

Буга чейин өлкөдө 2021–2025-жылдарга карата мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасы иштеген. Төрт жыл аралыгында «Мамлекеттик тил жөнүндө» Конституциялык мыйзам кабыл алынган. Улуттук комиссиянын маалыматы боюнча, мамлекеттик органдарда кыргыз тилиндеги документ жүгүртүүнүн деңгээли 60%дан 79 %га чейин өскөн. Бул азырынча эң чоң жетишкендик катары саналууда. Санариптештирүүнүн алкагында тил үйрөнүү үчүн электрондук платформалар жана мобилдик тиркемелер түзүлүп, ишке кирди. Бирок, жетишилген ийгиликтерге карабастан, бир катар көйгөйлөр чечилбей келүүдө. Алсак, кыргыз тилин өнүктүрүүдөгү негизги маселелер сөздүктөрдүн, терминологиялык маалымат базаларынын, санариптик куралдардын жоктугу болууда. Тилди окутуу багыты да кыйынчылыктарга туш болууда. Мектептерде кыргыз тили дагы деле эски ыкмалар менен окутулуп, мугалимдердин жетишсиздиги бар. Андан тышкары окуучулардын шыктануусу төмөн бойдон калууда. Жогорку сапаттагы контент, айрыкча илимий жана техникалык контент башка тилде болуп, кыргызчасы жетишсиз. Эксперттердин айтымында мамлекеттик тилдеги медиа рыногу да алсыз жана туруксуз бойдон калууда.

Улуттук комиссия дал ушул маселелерге көңүл буруп, программанын үстүндө 2025-жылдын август айынан тарта иштей баштаган. Ишке мамлекеттик органдардын, муниципалитеттердин, илимий коомчулуктун, ишкерлердин, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана эксперттер катышкан. 

Биз кыргыз тилин өнүктүрүүдө кабыл алынып жаткан программа боюнча сунуштарды кабыл алууга жооптуу адис Мунарбек уулу Болотко кайрылып бир нече суроо узаттык.

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын укуктук жана административдик камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси Мунарбек уулу Болот: “КЫРГЫЗ ТИЛИН КОЛДОНУУ АКТИВДҮҮЛҮГҮ БОЮНЧА БЕШ МЕКЕМЕ АЛДЫДА”

– Болот мырза, сиз кыргыз тилин өнүктүрүүгө багыттылган программанын долбоору боюнча келип түшкөн сунуштарды кабыл алууга жооптуу адис экенсиз. Биздин окурмандарга программанын артыкчылыктары тууралуу айтып бересизби?

– Туура белгиледиңиз. Ушул күндөрдө 2026–2028-жылдарга карата мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынын долбоору даярдалып, коомдук талкуу жүрүп жатат. Келип түшкөн сунуштарды кабыл алуу жүрүүдө. Сунуштар кабыл алынган соң анын акыркы варианты Президенттик администрацияга жөнөтүлөт. Кезектеги программада үч артыкчылык белгиленген. Биринчи мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилдин активдүүлүгүн илгерилетүү, экинчи артыкчылык билим берүү жана илим чөйрөсүндө тилди өнүктүрүү жана коомдук маданий жана медиа чөйрөсүндөгү позициясын бекемдөө.

– Мамлекеттик органдарда тилдин активдүүлүгүн көтөрүүдө кандай пландар каралган? Дегеле азыр министрлик, мекемелерде кыргыз тилин билүү, тилди иш кагаздарында колдонуу кандай деңгээлде? Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия мурда мониторинг жүргүзүп, жыйынтыгын чыгарып турчу эле?

– Азыр да мониторинг тынымсыз жүргүзүлүп турат. Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүп, тилди активдүү колдонуп жаткан ведомстволордун арасынан Ички иштер, Экономика жана коммерция министрлиги, салык, кадр кызматы жана Маданият министрлиги алдыда.

– Кайсы мекеме “эң начар” деген баага татыды?

– Мен жогоруда айткан ведомстволор башкалардан салыштырмалуу алдыда. Негизи азыр мурдагыдан кыргыз тилин колдонуу активдүүлүгү көтөрүлүп калды. Эгер кезектеги программа кабыл алынса, дагы да жылыштар болот. Биздин негизги максатыбыз–мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин арасында кыргыз тилин билүү деңгээлин жогорулатуу болууда. Андыктан алар үчүн тездетилген окутуу программалары, аралыктан окутуу курстары жана методикалык материалдар түзүлөт жана жылдык мониторинг киргизилет. Өз алдынча окуу үчүн бирдиктүү санариптик платформа түзүлөт. «Кыргызча оңой» мобилдик тиркемеси жаңыртылып, жасалма интеллект жардамчысы кыргыз тилиндеги документтердин сапатын текшерет. Мамлекеттик башкарууда бирдиктүү кеңсе ишинин стандарттарын киргизүү жана расмий иш стили боюнча маалымат ресурсун түзүү пландаштырылууда. Тил саясатын уюштуруу жана анын ишке ашырылышын көзөмөлдөө үчүн ведомстволор аралык механизм да түзүлөт. Билим берүү тармагында методологиялар жана окуу материалдары жаңыртылып, бала бакчадагы билим берүү жакшыртылып, мугалимдердин квалификациясы жогорулатылат. Жыл сайын 500гө чейин кыргыз тили мугалими кошумча билим берүү курстарынан өтө алат. Колледждер жана лицейлер үчүн кесиптик тил курстарын түзүү, пландаштырылууда. Орфографиялык, түшүндүрмө жана тармактык сөздүктөр жаңыртылып, кыргызча Википедияны өнүктүрүү улантылат. Географиялык аталыштарды инвентаризациялоого өзүнчө бөлүм арналган.

– Демек топонимдердин үстүндө иштейт экенсиздер да ээ?

– Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиги программанын алкагында 2 жыл аралыгында республика боюнча топонимдерди такташат. Ишти атайын түзүлгөн жумушчу топ жүргүзөт. Алардын иш жыйынтыктары боюнча тарыхый топонимдер калыбына келтирилет, андан кийин картографиялык жана административдик маалыматтар жаңыртылып турат. Маданият жана медиа чөйрөсүндө көп иштер аткарылат.

– Программанын аткарылышын көзөмөлдөө функциясы кимге берилет же көзөмөлдөнбөйбү?

– Багыты боюнча ар мекемеге жүктөлөт. Мисалы, топонимдер боюнча Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиги аткаруучу болсо, биздин комиссия кошумча аткаруучу болуп иш алып барат. Билим берүү боюнча Агартуу министрлиги баш болгон ведомстволор иштешет. Ал эми көзөмөлдөө жагынан тизгин Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясында болот.

Жазгүл Кенжетаева

16-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 196
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X