Кыргыз-түрк соода-экономикалык байланыштары чыңдалат
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин соода кеңешчиси Мустафа Чакыр менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк соода-экономикалык кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Өзгөчө көңүл Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын ишине жана эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча биргелешкен иштерди улантууга, орток демилгелерди илгерилетүүнү активдештирүүгө жана соода-экономикалык кызматташтыктын негизги багыттары боюнча аракеттерди координациялоого макулдашты.