Кыргыз жарандарынын кыйноого кабылганын казак тарап моюндады
Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун директору Бакыт Рысбеков, КР Акыйкатчы аппаратынын өкүлдөрү менен бирге Казакстан Республикасына барып, ушул жылдын январь айында Алматыда орун алган башаламандык учурунда укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалып, бейкүнөө кыйноого алынган кыргызстандык жарандар тууралуу маалымат беришти.
Бакыт Рысбековдин айтымында, Казакстан Кыргызстан сыяктуу эле БУУнун кыйноолорго каршы конвенциясын ратификация кылганы менен, казак тарап ушул эл аралык милдеттенмени бузууга жол берген.
«Коңшу өлкөдө Стамбул протоколу ишке кире элек экен. Ал эми Кыргызстанда ал протокол ишке кирген жана биздин юрисдикцияда таанылат. Биздин кыйноого кабылган жарандарды Стамбул протоколунан өткөрүп, эгер талап кылынса ал документтин түп нускасын Казакстандын тергөө органдарына жөнөтүүгө даяр экендигибизди билдирдик. Кыргызстандын жарандары кыйноого кабылганы тууралуу фатыларды келтиргенде Казакстан кескин түрдө жок деп айта алышкан жок, кандайдыр бир деңгээлде моюнга алды”, — деди Рысбеков.
Белгилей кетсек, Алматы шаарындагы башаламандыкта кармалган кыргызстандык жарандар Викрам Рузахунов жанаЧолпонбек Сыдыковдун кыйноого кабылышы боюнча кылмыш иш козголду.