Кыргызды кыйырга тааныткан Кырчын
Кырчын жайлоосу. Бул ат кыргыздын жүрөгүнө жакын, тарыхыбыздын тээ алмустактан келаткан изинин терең катмарларын эске салган касиеттүү жайлоолордун бири. Дал ошол атагы алыска, даңкы далайга кеткен Кырчын жайлоосу кыргыздын көчмөн маданиятын дүйнөгө тааныткан өзгөчө маданий мейкиндикке айланды. 2026-жылдын 2–6-сентябрында Ысык-Көлдүн төрүндө VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук, маданий жана илимий программалары өтүп жатат.
Оюндардын негизги иш-чараларынын бири Кырчын жайлоосунда уюштурулуп, ал жерге дүйнөнүн жүздөн ашуун өлкөсүнөн келген өнөрпоздорду, спортчуларды, чыгармачыл топторду, адистерди жана чет элдик меймандарды чогултту Кырчын жайлоосунун бүгүнкү тарыхы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары менен өзгөчө тыгыз байланышта.
2016-жылы өткөн II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына да Кырчын капчыгайы кирип, анда спорттук
жана этномаданий иш-чаралар өткөрүлгөн. Ошол жылы өткөн оюндарга 62 өлкөдөн 1 200дөн ашуун катышуучу келип, Көчмөндөр оюндары эл аралык деңгээлдеги туруктуу долбоор катары калыптана баштаган. Андан бери Көчмөндөр оюндары Кыргызстандын чегинен чыгып, дүйнөлүк маданий диалогдун маанилүү аянтчасына айланды.
2014, 2016 жана 2018-жылдары Кыргызстанда өткөн оюндардан кийин IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюну Түркиянын Изник шаарында, V Дүйнөлүк көчмөндөр оюну Казакстандын Астана шаарында өтүп, эми VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кайрадан Кыргызстанда өткөрүлүүдө. Бул биз үчүн бүгүнкү күндүн эң кубанычтуу жана сыймыктуу күнүнө
айланып жатат. Анткени, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына дүйнөнүн ар тарабынан келген меймандар кыргыздын тарыхы
менен маданиятын өз көзү менен көрүп, атагыбыз аалам аралап жатат. Ооба, “Бишкек Арена” жайынын ачылышы көп кыргыздын көзүнө жаш алдырып, дүйнө
элине дүңгүрөп жатса, Кырчын бүгүн кыргызды кыйырга таанытып турган чоң маданий сахнага айланууда.
«Көчмөндөр ааламы» бабалар дүйнөсүнө ачылган дарбаза
Кырчын жайлоосунда “Көчмөндөр ааламы: жандуу мурас” аттуу этномаданий шаарчанын ачылышы бул жайлоонун маанисин дагы бир тепкичке көтөрдү. Этношаарча “эл көзү көрсүн” деген бир күндүк кооз жасалга үчүн эмес, көчмөн цивилизациясынын тарыхын, маданиятын, каада-салтын жана күнүмдүк турмушун бир бүтүн мейкиндикте
көрсөтүү максатында түзүлүптүр. Балли! Мына ушул ачылыш аземдин алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек
Касымалиев да бул жерде атабабалардын дүйнөсү музейдин айнегинин артында эмес, элдин арасында жандуу көрүнүштө тартууланып жатканын белгиледи. “Бүгүн Ысык-Көлдө дүйнөнүн жүздөгөн мамлекеттеринен келген коноктордун башын бириктирген чоң майрам өтүп жатат. Көчмөндөрдүн улуу цивилизациясын даңазалаган бул жерге келгенде, ата-бабаларымдын дүйнөсүнө келгендей таасир калтырды” — деди Төрага. Кырчын жайлоосунун кең мейкиндигине кирген адам өзүн
азыркы замандан алыстап, бир нече кылым артка кайтып келгендей сезет. Чынында эле ошондой… Көчмөндөрдүн жашоо-турмушу табият менен эриш-аркак болгон эмеспи. Алар үчүн тоо – мекен, жайлоо – кут, ат – канат, боз үй – үй-бүлөнүн очогу, ал эми дасторкон – меймандостуктун белгиси болгон. Мына ошол дүйнө бүгүн Кырчында кайрадан жанданды. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосуна Кыргызстандын жети облусунун жана эки шаарынын көчмөн айылдары жайгаштырылып, ар бир аймак өзүнүн тарыхын, кол өнөрчүлүгүн, каада-салтын, улуттук оюндарын жана тамак-ашын тартуулап жатат. Жүздөгөн боз үйдүн арасынан өткөн адам кыргыздын көчмөн маданиятынын канчалык терең жана бай экенине дагы бир ирет күбө болот. Бир жерде кийиз басылып жатса, экинчи жерде шырдак жасалууда. Дагы бир жерде темирчи усталар байыркы өнөрүн көрсөтүүдө. Арыда ат жабдыктары жасалып, улуттук кийимдер тигилип, дасторконго кыргыздын түркүн улуттук тамактары коюлуп, кымыздын жытына арчанын жыты аралашып, комуздун күүсү алыстан угулат. Мунун баары биригип келип, Кырчынды кадимки ачык асман алдындагы көчмөн дүйнөсүнө айландырды. Дал ушул жагдай чет элдик меймандарды да өзгөчө таң калтырууда. Анткени, бүгүн дүйнөнүн каалаган жеринен заманбап сахнаны,
жарык менен жасалган эффекттерди, технологиялык шоуларды көрүүгө болот. Ал эми Кырчындагы көрүнүштү жасалма эффект менен алмаштыруу мүмкүн эмес. Этнобазарда кийизден жасалган буюмдар, шырдактар, килемдер, улуттук кийимдер, баш кийимдер жана башка кол эмгектери сунушталууда. Ал эми ишчаранын алкагында өткөрүлгөн
элечек жүрүшү кыргыз аялзатынын ордун, нарк-насилин жана улуттук кийим маданиятын даңазалаган өзгөчө көрүнүш болду. Кырчынга Кыргызстандын жети
облусунун жана эки шаарынын көчмөн айылдары жайгаштырылып, ар бир аймак өзүнүн тарыхын, салтын, өнөрүн жана маданий өзгөчөлүгүн тартуулоодо. Кырчында өткөн “Биримдик кербени”, “Дүйнө-өмүр”, “Көчмөндөр ааламы: жандуу мурас” сыяктуу театралдаштырылган маданий программалар, ат үстүндөгү көрсөтүүлөр, улуттук оюндар, боз
үй тигүү боюнча сынактар, төкмө акындардын айтышы көчмөн маданиятынын бир нече кылымдык тарыхын бир күнгө эмес, бир бүтүн дүйнөгө айлантып көрсөтүүдө. Бул жерде тарыхты көрүү менен аны жан дүйнөңө сиңирип сезүүгө болот.
Базарлуу «Байыркы шаар»
Кырчынга келген чет элдик меймандар менен бирге бизди да таң калтырган дагы бир көрүнүш – этношаарча болду. Кең жайлоонун ичинде түзүлгөн бул
шаарча көчмөндөрдүн байыркы турмушун, соода-сатыгын, кол өнөрчүлүгүн жана коомдук жашоосун элестеткен өзгөчө мейкиндикке айланыптыр. Этнобазарды аралап жүрүп, кылымдар мурдагы көчмөн шаарчасынын элесин көргөндөй болосуң. Бул жерде улуттук кийимдер, шырдактар, кийиз буюмдар, жыгачтан жана темирден жасалган эмгектер, ат жабдыктары жана башка кол өнөрчүлүк буюмдарга бай. Эх, ар бир буюмдун артында узун сабак бир тарых бар, ар бир оймо-чиймеде бир маани жатат. Ар бир өнөрдө атадан балага өтүп келген тажрыйба жашайт. Ошонун баары дароо элеске тартылып, эзелки бабалар изинде кетип бараткандай сезимдер жаралды. Ал турсун, чет элдик коноктордун көбүнөн да ушул сыяктуу ойлорду кадам санап угуп отурдук. Түркиядан келген Али аттуу меймандын: “Силер жөн эле кооз декорация жасап койбопсуңар. Байыркы дүйнөнүн атмосферасын кайра жараткан экенсиңер. Мен китептен окуган кайсыл бир окуяга же кинодон көргөн тарыхый бир көрүнүшкө кирип кеткендей болдум” деген пикирин угуп, андагы сезим бир эле бизде эмес, баргандын баарынын ойлорунда ушул сезим жашап жатса керек деген сыймыктуу ой калды. Чындыгында биз үчүн Көчмөн оюндарынын,
анын ичинде Кырчындын өзгөчөлүгү ушунда болуш керек эмес беле. Ошондой болуп жатканы сыймыктуу.
Кыргызга берген сабагы, өнөрү жана руху
Кырчындын бүгүнкү керемети спорт менен маданияттын айкалышында гана болбостон, анын эң чоң күчү менимче адамдарды жакындатканында дагы болууда. Көчмөндөр оюндарынын негизги өзөгү да ушунда. Элдер өзүнүн тарыхын, өнөрүн, салтын жана дүйнө таанымын бири-бирине тааныштырат. Айталы, ат үстүндөгү оюндар көчмөндүн эркиндигин көрсөтсө, күрөш күч менен кайратты даңазалайт. Ал эми Көк бөрү же Көкпар командалык ынтымакты, шамдагайлыкты жана тайманбастыкты чагылдырат. Ал эми жайылган дасторкон кыргыздын меймандостугун көрсөтөт. Ошондуктан, Кырчынга келген чет элдик мейман башына кыргыз калпагын, улуттук кийимин кийип, колуна Кыргызстандын желегин кармап жүргөнү жөн көрүнүш эмес. Бул кыргыз элинин меймандостугу дүйнөнүн адамдарынын жүрөгүнө жетип жатканын билдирген символдук
көрүнүш. Муну Жаңы Зеландиядан келген маори музыканты жана композитору Хоромона Хоронун сөзүнөн да байкоого болот. Ал Кыргызстанга биринчи жолу келгенин айтып, өлкөнүн тоолору менен Ысык-Көлүнө суктанганын жана бул жер ага өз мекенин эске салганын белгилеген. Мына ушундай пикирлер Кырчындын чыныгы маанисин ачууда. Кыргызстан бүгүн дүйнөгө өзүнүн байыркы тарыхын гана көрсөтүп жаткан жок, өзүнүн бүгүнкү жүзүн да көрсөтүп жатат десек болот.
Кырчын бизге бир чоң нерсени эске салды. Элди дүйнөгө таанытуу үчүн сөзсүз эле байыркы мурастын жаңы түрүн ойлоп табуунун кереги жок экен. Өзүңдө бар байлыкты баалап, аны туура көрсөтө билүү жетиштүү. Биздин байлыгыбыз тарыхта, Манаста, тилде, комузда, боз үйдө, каадасалтта, улуттук оюндарда, дасторкондо, анан элдин пейилинде экен. Ушуларды сактай алсак, барктай алсак эле улуу жолдорду дагы далай басып, улут катары өсө берет экенбиз. Көчмөндөр оюндары жана Кырчын ошол байлыктардын баарын бир жерге топтоп, дүйнөгө көрсөттү. Кырчын кыргыздын өткөнү менен бүгүнкүсүн байланыштырган алтын көпүрө болуп, дүйнө элдери кыргызды таанып, кыргыз дүйнө менен жакындашкан маданий ордо болууда. Ошону менен бирге мындан аркы туристтик аймак катары калыптанууга чоң шарттар түзүлүп, ири иш-чаралар үчүнө инфраструктура да жаңыланды.
Көчмөндөр оюндары аяктагандан кийин да Кырчындын тарыхы уланат.
Күнболот Момоконов,
Чолпон-Ата – Кырчын жайлоосу