«Кыргызиндустрия» ишканасынын жетекчиси Жарасул Абдураимов кызматтан кетти

24-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 32

“Кыргызиндустрия” ишканасынын башчысы Жарасул Абдураимов кызматтан алынганын Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин басма сөз кызматы 24-январда билдирди.

Маалыматка караганда, анын ордуна Алманбек Исмаилов жетекчи болуп дайындалып, ушул эле күнү эмгек жамаатына тааныштырылды. Буга чейин ал 2022-жылдын апрелинен тартып алты ай “Кыргызалтын” ишканасында жетекчи болуп турган.

 

24-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 32
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X