“Кыргызиндустриянын” жетекчиси Бурса шаарындагы КР ардактуу консулу менен жолукту

Кечээ, 1-мартта “Кыргызиндустрия” ААКсынын президенти Жарасул Абдураимов Түркиянын Бурса шаарындагы Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу Билал Тутуш жана түркиянын бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуу тышкы иштер министрлигинин көмөгү менен уюштурулду.

Анда өз ара кызматташтык маселелери талкууланып, Түркиянын тигүү жана текстиль өнөр жай ишканалары менен жеринде таанышуу зарылчылыгы белгиленди. Мына ушул максатта “Кыргызиндустрия” ААКсынын президенти Жарасул Абдураимов Бурса шаарындагы текстиль, тери иштетүү жана шелк кездемелерин чыгаруучу жеңил өнөр жай ишканалары менен таанышуу үчүн Түркияга баруусу макулдашылды. Ошондой эле Жарасул Абдураимов жана анын соода жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча орун басары А.Байышбеков 10-13-мартта Стамбул шаарында өтө турган көтөрүүчү жабдуулардын эл аралык көргөзмөсүнө да катышат.
Белгилей кетсек, Министрлер Кабинетинин чечими боюнча 100%дык мамлекеттин үлүшү менен “Кыргызиндустрия” ААКсы түзүлгөн. Аталган мекеме өлкөбүздөгү өндүрүш ишканаларын жандандыруу багытында иш алып барат.

2-март, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Саясат 53

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X