Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы өлкөнүн ири стратегиялык ишканаларынын бири болгон Кыргызнефтегаз ачык акционердик коомунун 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгын карады.
Аудиттин маалыматына ылайык, ишканада аныкталган каржылык бузуулардын жана олуттуу кемчиликтердин жалпы көлөмү 967 млн 824,3 миң сомду түзгөн. Бул каражаттардын ичинен 135 млн 888,7 миң сому мамлекетке кайтарылууга тийиш деп белгиленсе, аудит учурунда анын 8 млн 904,9 миң сому гана реалдуу түрдө кайтарылган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө “Кыргызнефтегаз” жана анын туунду ишканалары өз убагында тиешелүү чара көрбөгөндүктөн, 494 млн 958,7 миң сомдук мүмкүн болгон кошумча киреше жоготууга учураганы белгилүү болду. Ошондой эле эмгек акы фондун бөлүштүрүүдө жана жол-жоболоштуруудагы мыйзам бузуулар 281 млн 422 миң сомду түзгөн.
Мындан тышкары, жетекчиликтин көзөмөлүнүн начардыгынан улам 120 млн сомдук дебитордук карыздар менен иш жүргүзүлбөй калгандыгы, ал эми 53 млн 954,9 миң сом ченемден тышкары негизсиз чыгымдалганы аныкталды. Капиталдык курулуш иштеринде 6 млн 456,3 миң сом, ал эми мамлекеттик сатып алууларда 2 млн 127,5 миң сомдук мыйзам бузуу катталган.
Эсептөө палатасы ишкананын жетекчилиги ички ресурстарды натыйжасыз пайдаланганын жана мамлекеттик мүлктү үнөмдүү башкаруу принциптери бузулганын белгиледи. Аныкталган кемчиликтерди жоюу жана каражаттарды мамлекетке кайтаруу боюнча милдеттүү эскертүүлөр берилди.
Аудиттин материалдары укуктук баа берүү үчүн тиешелүү укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилери маалымдалды.