Кыргызстан алдыда

5-февраль, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 37

Бүгүн Кытайдын Харбин шаарында өтүп жаткан Кышкы Азия оюндарынын алкагында хоккей боюнча мелдештердин экинчи айлампасы жыйынтыкталды.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы экинчи айлампада Бахрейндин командасы менен ойноп, 29:0 эсебинде жеңди.

Эске салсак, улуттук курам биринчи айлампада Кувейттин командасын 8:9 эсебинде жеңип, 2 упай менен «В» тайпасында 2-орунду ээлеген эле . Экинчи айлампанын жыйынтыгы менен өз тайпасында 5 упай топтоп 1-орунга чыкты.

5-февраль, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 37
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X