Кыргызстан Азия-Тынч океан аймагында социалдык коргоо тажрыйбасын тааныштырат
Филиппиндин Манила шаарында Азия өнүктүрүү банкы уюштурган “Азия-Тынч океан аймагындагы социалдык коргоо жумалыгы – 2026” эл аралык иш-чарасы өтүп жатат.
6–8-октябрга белгиленген жыйынга мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, жарандык коомдун, жеке сектордун жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү катышууда. Быйылкы иш-чара “Кеңейтилген мүмкүнчүлүктөр, туруктуу келечек” темасына арналды.
Иш-чаранын алкагында социалдык коргоо системаларын чыңдоо, адамдык капиталды өнүктүрүү, азык-түлүк жана тамактануу коопсуздугун камсыздоо боюнча өлкөлөрдүн тажрыйбалары талкууланууда.
Кыргызстандын атынан Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин Мектептик билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси, Мектептик тамактануу коалициясынын улуттук координатору Мирбек Рахматильдеев катышууда. Ошондой эле мектептик тамактануу программасын өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр — БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы өлкөлүк директору Кожиро Накай жана программалык саясат боюнча адис Аида Афтандилова бар.
Кыргызстанда мектептик тамактануу балдардын ден соолугун жана билим алуусун колдогон маанилүү социалдык багыт катары өнүктүрүлүүдө. Президент Садыр Жапаровдун чечимине ылайык, 2027-жылдын 1-январынан тартып 1–4-класстын окуучулары үчүн мектептик тамактанууну каржылоо ченеми 14 сомдон 40 сомго чейин жогорулатылат.
Бул каражаттын көбөйүшү мектептердеги тамак-аштын сапатын жана түрдүүлүгүн жакшыртууга, ошол эле учурда ата-энелердин каржылык жүгүн азайтууга багытталган.
Ал эми 7-октябрда Мирбек Рахматильдеев “Жөн гана тамак эмес: туруктуу келечек үчүн мектептик тамактануу” аттуу панелдик сессияда спикер катары чыгып, Кыргызстандын мектептик тамактануу программасын өнүктүрүү жана туруктуу мамлекеттик системаны калыптандыруу боюнча тажрыйбасын эл аралык коомчулукка тааныштырат.