Кыргызстан Борбор Азияда бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүүнү сунуштады
2026-жылдын 28-октябрында Кыргызстандын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова Ташкент шаарында өткөн Борбор Азия эл аралык билим берүү форумуна катышты.
Форумдун алкагында уюштурулган тегерек столдо аймактагы бирдиктүү билим берүү мейкиндигин өнүктүрүү, университеттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана академиялык мобилдүүлүктү күчөтүү маселелери каралды.
Министр Борбор Азия өлкөлөрүнүн илимий потенциалын бириктирүү максатында Борбор Азиялык технологиялык платформаны түзүү демилгесин көтөрдү. Алдыңкы университеттердин мүмкүнчүлүктөрүн бириктирүүгө багытталган бул платформа чек аралык ири долбоорлорду илимий жактан коштоого, көз карандысыз экспертиза жүргүзүүгө жана экономикага керектүү адистерди алдын ала даярдоого өбөлгө түзмөкчү.
Ошондой эле жогорку билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, дипломдон кийинки билим берүү программаларын биргелешип ишке ашыруу жана жаштардын илимий өнүгүүсүнө шарт түзүү маанилүүлүгү белгиленди.
Гульзат Исаматова Кыргызстан аймактагы мамлекеттер менен тең укуктуу өнөктөштүктү бекемдөөгө жана атаандаштыкка жөндөмдүү билим берүү мейкиндигин түзүүгө даяр экенин билдирди.