Кыргызстан чет өлкөлүк омбудсмендер менен кызматташууну күчөтүүдө

18-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 110

Кыргызстандын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Москвада өткөн омбудсмендердин эл аралык конференциясына катышып, чет өлкөдөгү жарандардын укуктарын коргоо боюнча кызматташтык маселелерин талкуулады.

Конференцияда абийир эркиндиги, маданий өзгөчөлүктү сактоо, ишенимдерди, тилдерди жана салттарды коргоо, ошондой эле эркиндикке жана жеке кол тийбестикке болгон укуктар каралды.

Жамиля Жаманбаева «Чет өлкөдөгү жарандардын укуктары: омбудсмендердин өз ара аракеттенүү механизмдери жана тажрыйбалары» аттуу сессияда сөз сүйлөдү.

Ал кыргызстандыктардын укуктарын коргоо максатында Акыйкатчы институту башка өлкөлөрдүн укук коргоо институттары менен тыгыз кызматташып жатканын белгиледи. Мисал катары Россиядагы адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл менен биргелешкен жарандарды кабыл алуу иштери айтылды. Бул көйгөйлөрдү ыкчам чечүүгө жардам берет.

«Мекенинен алыста жүргөн адам мыйзамдарды билбөө, тил тоскоолдуктары жана юридикалык жардам алууда кыйынчылыктарга туш болушу мүмкүн. Ошондуктан анын укуктарын коргоо механизмдеринин жеткиликтүүлүгү өзгөчө мааниге ээ», — деди Акыйкатчы.

Ошондой эле Кыргызстанда жүргөн чет өлкөлүк жарандардын укуктарын коргоого да көңүл бурулуп жатканы белгиленди.

Акыйкатчы институтуна 2025-жылы 11 өлкөдөн 36 кайрылуу түшкөн. Ал эми 2026-жылдын он айында 21 мамлекеттин жарандары 91 кайрылуу жолдогон.

Алардын ичинен 27 кайрылуу Пакистандан, 23ү Россиядан, алтоо Түркиядан жана бешөө Өзбекстандан келген. Калган кайрылуулар Казакстан, Тажикстан, АКШ, Нигерия, Кытай, Германия, Украина, Индия, Иран, Улуу Британия, Сауд Арабиясы, Сирия, Швеция, Эстония, Польша, Египет жана Кубадан түшкөн.

Форумдун уюштуруучуларынын маалыматына караганда, конференцияга 70 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан.

18-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 110
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X