Кыргызстан эт өндүрүү боюнча ЕАЭБде биринчи орунга чыкты

17-ноябрь, 2025-ж. / Редакция / Айыл чарба 57

Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматына караганда, Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинде эт өндүрүү боюнча биринчи орунга чыкты.

Быйыл январь–сентябрь айларында өлкөдө 327,1 миң тонна эт (анын ичинде канаттуулардын эти да бар) өндүрүлгөн. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 пайызга жогорулаган.

Өсүү темпи боюнча экинчи орунду Казакстан ээледи — коңшу өлкө эт өндүрүүнү 2,5 пайызга көбөйткөн.

17-ноябрь, 2025-ж. / Редакция / Айыл чарба 57
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X