Кыргызстан Иордания жана БАЭ инвесторлору менен кызматташууну талкуулады
2026-жылдын 18-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов Иордания жана Бириккен Араб Эмираттарынан келген инвесторлор менен жолугушту.
Жолугушууга Кыргызстандын Кувейттеги Элчиси Нурлан Токобаев, профессорлор Рияд Таха Аль-Касасбех жана Юсеф Махмуд Мохаммад Аль-Ассаф, ошондой эле ишкер Курманбек Жолдошбеков катышты.
Тараптар Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн, кызматташуунун багыттарын жана инвесторлорго көрсөтүлүүчү мамлекеттик колдоо чараларын талкуулашты.
Улуттук агенттик чет элдик инвесторлорго долбоорлорду ишке ашырууда жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен иш алып барууда көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар инвестициялык кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти