"Эркин-Тоо"

Кыргызстан Казакстандан аскердик техника жана курал-жарак алмай болду

Казакстан парламентинин сенаты Афганистандагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам көрсөтүү боюнча келишимдерди ратификациялаган. «Казакстан парламенти Кыргызстандын өкмөтү менен акысыз аскердик-техникалык жардам көрсөтүү боюнча макулдашууну карады. Документке ылайык, Казакстан кошуна өлкөгө курал-жарак, ок-дары жана атайын техника берет», — деп айтылат маалымат булактарында. Кыргызстан техниканы жана ок-дарыны коопсуздук максатында гана колдонууга, үчүнчү тарапка бербөөгө жана КМШ өлкөлөрүнө каршы колдонбоого милдеттендирилген. Ушундай эле жардамды коңшу мамлекет Тажикстанга дагы көрсөтөрү маалым болду.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!