Кыргызстан коррупцияга каршы эл аралык кызматташтыкты күчөтүүдө
2026-жылдын 25–26-ноябрында Франциянын Париж шаарында Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (ЭКӨУ) Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн коррупцияга каршы күрөшүү тармагынын пленардык жыйыны болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары З. Акназаров жетектеген, Президенттин Администрациясынын жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрүнөн турган делегация, ошондой эле Коррупция маселелерин изилдөө боюнча Борбордук Азия институтунун директору Э. Мамбеталиева катышты.
Жыйындын алкагында коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы кызматташтыктын 2027–2030-жылдарга карата артыкчылыктуу багыттары жана мониторинг жүргүзүү усулдарын өркүндөтүү маселелери талкууланды.
Кыргыз тарап ЭКӨУнун сунуштамаларынын улуттук мыйзамдарда чагылдырылышына жана алардын иш жүзүндө аткарылышына 2027-жылы кезектеги баалоо жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле ЭКӨУнун өкүлдөрү 2026-жылдын 9-декабрында Бишкек шаарында өтө турган Коррупцияга каршы эл аралык форумга катышууга чакырылды.
Мындан тышкары, ЭКӨУнун өкүлү Элоди Бет менен жолугушуу өткөрүлүп, анда алдыдагы баалоого даярдык көрүү, коррупциянын алдын алуу боюнча эксперттик колдоо көрсөтүү жана Башкы прокуратуранын ЭКӨУнун укук коргоо органдарынын тармагынын ишине катышуусу талкууланды.
Ошондой эле Коррупцияга каршы эл аралык академиянын жетекчиси Драго Кос менен жолугушууда прокуратура кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу багытындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Жолугушуулардын жыйынтыгы коррупцияга каршы күрөшүү жана анын алдын алуу жаатындагы эл аралык кызматташтыкты чыңдоого, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы улуттук механизмдерди өркүндөтүүгө багытталган.