Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары Ч.Ахматов Ислам кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча укук коргоо органдарынын жетекчилеринин III министрлик жолугушуусуна катышуу үчүн Азербайжан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында өлкөнүн Башкы прокурору Камран Алиев менен жолугушту.
Тараптар Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы тарыхый жана маданий жалпылыкка, өз ара урматтоого негизделген достук жана боордоштук мамилелердин жогорку деңгээлин белгилеп, кызматташтыкты өнүктүрүүдө жогорку деңгээлдеги саясий диалогдун маанилүү ролун баса белгилешти. Ошондой эле сентябрь айында Казань шаарында өткөн эки өлкөнүн башкы прокурорлорунун жолугушуусуна оң баа берип, анын ведомстволор аралык байланыштарды чыңдоого кошкон салымына токтолушту.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кылмыш иштери боюнча эл аралык укуктук жардам көрсөтүү, кылмыш жасаган адамдарды издөө жана экстрадициялоо, коррупцияга жана трансулуттук кылмыштуулукка каршы биргелешип күрөшүү маселелери талкууланды. Мындан тышкары, прокуратура органдарынын ишин санариптештирүү, киберкоопсуздукту камсыз кылуу, маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү кылмыштарды аныктоо жана тергөө, ошондой эле электрондук далилдер менен иштөө багыттарына өзгөчө көңүл бурулду. Кыргыз делегациясы бул жаатта Азербайжандын тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыкдар экендигин билдирди.
Тараптар Түрк мамлекеттер уюмунун, Экономикалык кызматташтык уюмунун жана Ислам кызматташтык уюмунун алкагында өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн прокуратура органдарынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, эл аралык укуктук жардам көрсөтүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, кесиптик тажрыйба алмашуу жана түздөн-түз жумушчу байланыштарды өнүктүрүү боюнча өз ара макулдашууга жетишилди.