Кыргызстан менен Беларусь энелердин саламаттыгын коргоо боюнча кызматташат

27-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Медицина 102

2026-жылдын 27-ноябрында Ташкент шаарында Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Беларусь Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Борис Андрасюк менен жолугушту.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, жолугушуу КМШга мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыгы боюнча кеңешинин XXXIX жыйынынын алкагында өттү.Возможно, это изображение костюм

Тараптар эки өлкөнүн саламаттык сактоо жаатындагы кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Анын ичинде энелердин жана балдардын саламаттыгын коргоо, энелердин өлүмүн азайтуу, акушердик-гинекологиялык жардамды жакшыртуу жана пренаталдык диагностиканы өнүктүрүү багыттарына көңүл бурулду.

Ошондой эле Кыргызстандын бул багыттарда Беларусь Республикасынын тажрыйбасын үйрөнүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.

27-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Медицина 102
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X