Кыргызстан менен Гаити дипломатиялык мамиле түздү
2026-жылдын 25-сентябрында Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Гаити Республикасынын тышкы иштер министри Райна Форбен менен жолугушту.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Гаити ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду.
Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын Латын Америкасы жана Кариб бассейнинин өлкөлөрү, анын ичинде Гаити менен байланыштарды өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.
Тараптар эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташтыкты талкуулап, эки өлкөнүн ортосундагы байланыштарды кеңейтүүгө жана достук мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырасташты.