Кыргызстан менен Индонезия креативдүү экономика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрөт

28-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 99

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Индонезия Республикасынын креативдүү экономика министри, Креативдүү экономика агенттигинин башчысы Теуку Риефки Харся менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда тараптар креативдүү индустриялар тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүү, алдыңкы тажрыйба алмашуу жана эки өлкөнүн креативдүү продукцияларын дүйнөлүк рынокторго чыгаруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Беназир Нурланова Индонезиянын креативдүү экономика жаатындагы жетишкендиктери, анын ичинде креативдүү өнүмдөрдү жаратуучулар үчүн натыйжалуу экосистеманы түзүү тажрыйбасы Кыргызстан үчүн маанилүү үлгү экенин белгиледи.

Ошондой эле ал креативдүү экономика Кыргызстандын мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бирине жана улуттук экономиканы диверсификациялоонун стратегиялык куралына айланганын баса белгиледи.

Бул багыттагы маанилүү кадамдардын бири — Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен Креативдүү индустриялар паркынын (КИП) түзүлүшү. Аталган парк креативдүү индустриялардын өкүлдөрүнө жайгашкан жерине карабастан резидент болууга мүмкүндүк берген өзгөчө укуктук жана экономикалык режимди сунуштайт.Возможно, это изображение один или несколько человек, костюм и текст

Кыргыз тарап Таланттарды бириктирүү жана Креативдүү экономика боюнча дүйнөлүк конференция (WCCE) сыяктуу эл аралык аянтчалар аркылуу алдыңкы тажрыйбаларды өздөштүрүү жана натыйжалуу инструменттерди колдонуу менен өлкөнүн креативдүү секторунун дараметин мындан ары жогорулатууга кызыкдар экенин билдирди.

Өз кезегинде Индонезия тарап кыргыз делегациясынын конференцияга активдүү катышканы үчүн ыраазычылык билдирди. Теуку Риефки Харся Кыргызстандын делегациясынын сапары эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгилеп, өткөрүлгөн сүйлөшүүлөр туруктуу жана мазмундуу өнөктөштүктү калыптандырууга өбөлгө түзөрүнө ишенимин билдирди.

Жолугушуу эки өлкөнүн креативдүү экономика тармагындагы тажрыйба алмашуусун кеңейтүүгө жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам болду.

28-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 99
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X