Кыргызстан менен Казакстан илим жана билим берүүдө кызматташат

20-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Билим 40

2026-жылдын 20-ноябрында Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова Казакстан Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абылкаир Скаков менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн жогорку билим берүү, илим жана инновациялар тармагындагы кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Министр Гульзат Исаматова элчини жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы салттуу достук жана союздаштык мамилелерди мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.Возможно, это изображение текст

Маалыматка ылайык, учурда Кыргызстандын жогорку окуу жайларында Казакстандын 2 миңден ашуун жараны билим алууда. Ошондой эле казакстандык университеттердин филиалдарын ачуу жана кош дипломдуу билим берүү программаларын ишке ашыруу аркылуу эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосундагы кызматташтык өнүгүүдө.

Жолугушууда жасалма интеллект, санариптештирүү, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, изилдөө лабораторияларын түзүү жана эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү да каралды.

Жолугушуунун соңунда тараптар илим, жогорку билим берүү жана инновациялар жаатындагы кыргыз-казак өнөктөштүгүн мындан ары чыңдоо жана кызматташтыктын багыттарын кеңейтүү боюнча өз ара кызыкдарлыгын билдиришти.

20-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Билим 40
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X