Кыргызстан менен Казакстан сооданы 3 млрд долларга жеткирүүнү көздөйт
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Казакстан Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абылкаир Скаков менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-казак соода-экономикалык кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Ошондой эле өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүү, инвестициялык байланыштарды кеңейтүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине көңүл бурулду.
Министр Бакыт Сыдыков эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин жогорку деңгээлин белгилеп, экономикалык өнөктөштүктү мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Маалыматка ылайык, Казакстан Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. 2021–2025-жылдары эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү 2,3 эсеге өскөн. Ал эми 2026-жылдын январь–август айларында бул көрсөткүч 1,4 млрд АКШ долларын түзгөн.
Тараптар эки мамлекеттин башчылары тарабынан коюлган 2030-жылга чейин өз ара соода жүгүртүүнү 3 млрд АКШ долларына жеткирүү максатына жетүү үчүн биргелешкен аракеттерди улантуунун зарылдыгын белгилешти.
Жолугушуунун соңунда тараптар соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө, практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана өз ара пайдалуу демилгелерди ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.