Кыргызстан менен Кытай энергетика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет
Кечээ Кытайдын Циндао шаарында Кыргызстандын энергетика министри Алтынбек Рысбеков менен Кытайдын Энергетика боюнча мамлекеттик башкармалыгынын жетекчиси Ван Хунчжинин тең төрагалыгында кыргыз-кытай жумушчу тобунун биринчи жыйыны өттү.
«Өкмөт — ишканалар» форматында өткөн жолугушуунун алкагында тараптар электр энергетикасы тармагында кызматташуу жөнүндө ведомстволор аралык макулдашуунун нускаларын алмашышты. Аталган документке 2026-жылдын 23-сентябрында кол коюлган.
Жыйын учурунда энергетика министри Алтынбек Рысбеков эки өлкөнүн лидерлери тарабынан жетишилген макулдашууларды иш жүзүнө ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал бул макулдашуулар 2026-жылдын август айында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилгенин эске салды.
Тараптар жолугушууда эки өлкөнүн энергетикалык системаларын интеграциялоо, Кытайдан Кыргызстанга электр энергиясын импорттоо үчүн трансчек аралык электр берүү линиясын куруу жана чек ара аймагындагы индустриалдык паркты электр энергиясы менен камсыздоо маселелерин талкуулашты.
Алтынбек Рысбеков Кыргызстандын Энергетика министрлиги тарабынан тиешелүү энергетикалык инфраструктураны курууну каржылоо маселелерин иштеп чыгуу дээрлик аяктаганын билдирди. Ошондой эле долбоорду этап-этабы менен ишке ашыруу графигин сунуштап, объектти 2027-жылдын декабрь айында өнөр жайлык пайдаланууга берүү пландалып жатканын маалымдады.
Мындан тышкары, жыйындын жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн электр энергетикасы тармагындагы учурдагы абалы жана өнүгүү багыттары боюнча пикир алмашып, долбоорду ишке ашыруунун техникалык жана уюштуруучулук маселелерин карашты.
Жолугушуунун соңунда Кыргызстандын энергетика министри Алтынбек Рысбеков Кытай тараптын өкүлү Ван Хунчжини Кыргызстанга расмий сапар менен келип, кыргыз-кытай биргелешкен жумушчу тобунун экинчи жыйынын Бишкек шаарында өткөрүүгө чакырды.