Кыргызстан менен Пакистан сооданы өнүктүрөт
Экономикалык кызматташтык уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин 30-жыйынына катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов Исламабад шаарында Пакистандын Премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда тараптар жогорку деңгээлдеги сапарлардын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Соода-экономикалык, инвестициялык жана транспорттук-логистикалык кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү боюнча биргелешкен аракеттерди күчөтүү зарылдыгы белгиленди.
Мындан тышкары, Кайрат Турсункулов Пакистандын тышкы иштер министринин орун басары Асим Ифтихар Ахмад менен жолугушту. Анда кыргыз-пакистан Өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагында жетишилген макулдашуулардын аткарылышы талкууланып, комиссиянын кезектеги жыйынын 2027-жылдын биринчи жарымында өткөрүү пландары каралды.
Тараптар энергетика, айыл чарба, фармацевтика, санариптештирүү, инвестиция жана транспорт тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун келечеги талкууланды.
Эки өлкөнүн жетекчилиги тарабынан коюлган өз ара товар жүгүртүүнүн көлөмүн 200 млн АКШ долларына жеткирүү максатынын алкагында транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүү жана соода мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү артыкчылыктуу багыттар катары белгиленди.
Ошондой эле Кайрат Турсункулов Пакистандын Улуттук логистикалык корпорациясынын (NLC) башкы директору, генерал-майор Фаррух Шахзад Рао менен жолугушту. Жолугушууда жүк ташуулардын көлөмүн көбөйтүү, биргелешкен логистикалык долбоорлорду ишке ашыруу жана Кыргызстан менен Пакистанды байланыштырган транспорттук каттамдардын натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды.
Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын жана уюмдарынын ортосундагы кызматташтыкты жана мазмундуу байланыштарды мындан ары улантууга макулдашышты.