Кыргызстан менен Швейцария авиация тармагында кызматташат
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин делегациясы Швейцария Конфедерациясынын Жарандык авиация боюнча федералдык башкармалыгынын (FOCA) директору Франсин Циммерманн менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жарандык авиация тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу жана өз ара кызыкчылык жараткан жаңы багыттарды аныктоо маселелерин талкуулашты.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки өлкөнүн ортосунда жарандык авиация жаатындагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Документ авиациялык администрациялардын ортосундагы кесиптик байланыштарды чыңдоого, эксперттик билимдер жана тажрыйба алмашууга, ошондой эле биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга багытталган.
Меморандумдун алкагында Швейцариянын алдыңкы тажрыйбасын өздөштүрүү, Кыргызстандын авиация тармагынын институционалдык потенциалын жогорулатуу жана улуттук жарандык авиация системасын эл аралык стандарттарга ылайык өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.
Бул макулдашуу кыргыз-швейцариялык кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүп, Кыргызстандын жарандык авиация тармагынын туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.